ЖАҢЫЛЫКТАР 28.10.19.

28-10-2019 08:51

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет бүгүнкү, 28 – октябрдагы жыйынында  “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөгү”  мыйзам долбоорун карайт. Жыйынга Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова жана министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери чакырылды. Интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышы да талданмакчы. “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү үчүнчү окууда талкууланат.

Социалдык камсыздандыруунун мүчөлүк акылары чындап келсе “көмүскө экономиканын” торунан чыга албай жаткандай? Минтип ойлоого негиз болчу мисалдарды депутат Айсулуу Мамашева келтирди.

                        СНХ.А.МАМАШЕВА

Депутат Акылбек Жапаров, - “Мамлекет башчысы кыдырган жеңил өнөр жайындагы ири объектилердин айрымдарында деле салыкты төлөбөгөндөрү бар болуп чыкты. Социалдык фондго болгон чегерүүлөрдү да жөнгө салбагандары бар”, - дейт.

                       СНХ.А.ЖАПАРОВ

Быйылкы жылы “Коопсуз шаар” долбоорунан түшө турган каражаттын көлөмү 1 млрд. 200 млн. сомду түзмөк. Бирок, 9 айдын жыйынтыгы менен алганда 300 миң сом гана түшкөн. Бул айдоочулардын тартипти сактап калгандыгын көрсөттү, - дейин десек, жол кырсыктары аталган долбоор ишке киргени 15%га көбөйгөн. Ал гана эмес, жеке адамдардын, менчик унаалардын маалыматы “Кыргызтелекомдо” эмес, Кытай телефонунда болуп жаткандыгы опурталдуу, - деген далилдерге депутат Рыскелди Момбеков токтолду.  

                      СНХ.Р.МОМБЕКОВ

Баткен областындагы чек арага чектеш айылдарды кыдырып, андагы элдин арыз – арманын угуп келген депутат Жанарбек Акаев, - “Жол бергис нерселерге жол бербеш үчүн жергиликтүү комиссиялардын корутундусун угуу зарыл”, - деп билдирди Жогорку Кеңеш жыйынында.

                     СНХ.Ж.АКАЕВ

             АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 28 - октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.Абанын температурасы Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад:16…21; Талас:15…20; Ысык-Көл: 12…17; Нарын: 10…15 градус жылуу болот. Бийик тоолуу райондордо -3…+2 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 28 - октябрда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2 – 7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 19…21 градус жылуу болот.

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 33

Окшош жаңылыктар