ЖАҢЫЛЫКТАР 30.10.19.

30-10-2019 08:42

Жогорку Кеңеш бүгүн, 30 – октябрдагы олтурумунда “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө жана иштетүү менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндөгү” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карайт. “Ысык-Көл” биосфера аймагында суу чыгаруу (агымдалоо) жана тазалоо курулмалары жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда талкууланат. “2019-2020-жылдын күз-кыш мезгилине карата Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндөгү” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору да бул жолку жыйындын негизги маселеси.

Социалдык мааниси бар азык-түлүктөрдүн катарындагы ун азыгы калк капчыгына жеткиликтүү болушу керек. Алардын сортуна жараша бир килограммы 50 сомго чейин чыгат. Кээ бир үй-бүлөлөргө айына 1 кап ун жетсе, айрымдарына ал дагы аздык кылып калат. Демек, айына бир топ ун пайдаланылат. Ошондуктан, Өкмөт ун баасынын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербеши керек. Бул тууралуу депутат Айнуру Алтыбаева КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.

                   СНХ.А.АЛТЫБАЕВА

КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмүркулов, - “Эмнеге ундун баасы 3 ай катары менен 17%дан кымбаттай берсе деле үн катпайсыздар?”, - деген соболду Антимонополия агенттигине жолдоду.   

                  СНХ.И.ӨМҮРКУЛОВ

Депутат Тынчтык Шайназаров, - жаӊы кодекстер иштеп баштаганы тергөөчүлөрдүн өндүрүштөгү ишинин көлөмү эселеп көбөйгөндүгүнөн айтып, - “Кошумча штат орундарын чечүү зарыл”, - дейт.

                 СНХ.Т.ШАЙНАЗАРОВ

КР Каржы министри Бактыгүл Жеенбаева баяндагандай, жалпы республикалык бюджеттин 58 млрд. 800, 7 млн. сому социалдык тармактарга каралууда. Талкуу жүрүшүндө депутат Садык Шер – Нияз жалпы республикалык бюджеттен маданият тармагына делген 3%дык каржылоо дагы деле толук кандуу ишке ашпай жаткандыгына кайрылды.

                СНХ.С.ШЕР – НИЯЗ

            АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 30 - октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.Абанын температурасы Чүй, Талас:16...21, Баткен, Ош, Жалал-Абад:18…23; Ысык-Көл, Нарын: 11…16 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 30 - октябрда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 19…21 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 27

Окшош жаңылыктар