ЖАҢЫЛЫКТАР 31.10.19.

31-10-2019 09:01

Жогорку Кеңеш бүгүн, 31 – октябрдагы олтурумун “Ар кандай маселелер” саатынан баштайт. “Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы” долбоорунун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн Ислам өнүктүрүү банкы менен Жеке секторду өнүктүрүүнүн ислам корпорациясынан грант алуу жөнүндөгү ратификациялык мыйзам долбоору талданат. “Кыргыз Республикасынын Жазык, Жоруктар, Жазык-процесстик, Жазык-аткаруу кодекстерин, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндөгү” мыйзамды колдонууга киргизүүдөгү айрым өзгөртүүлөр үчүнчү окууга талкууга чыгат.

Ички карыздын көлөмүнүн өсүшү, республикадагы товарлардын импорту менен экспортунун көлөмдөрүнүн кыскарышына кайрылган депутат Алтынбек Сулайманов, -“Валюта рыногунда сомдун курсун искусстволук жол менен кармабоо керек”, - деп да кошумчалады.

                       СНХ.А.СУЛАЙМАНОВ

Республикалык бюджеттин таӊсыктыгынын деӊгээли өткөн жылдардагыга салыштырмалуу 23 млрд сомдон 9 млрд 953 млн сомго чейин түштү. Бул Өкмөт өкүлдөрүнүн берген маалыматы. Адатта, мындай жылыш экономикалык өсүүнүн эсебинен жасалат. “Бирок макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча алганда, жыргап кеткен деле жагдай байкалбайт”,- дейт депутат Алмамбет Шыкмаматов.

                      СНХ. А.ШЫКМАМАТОВ

Тышкы карыздардын басымдуу бөлүгү кайсыл мамлекетке туура келет? Бишкек ЖЭБ айланасындагы Кытай мамлекети менен эсептешүүлөрдү ирети кандай болуп жатат? Ушул суроолордун жообун күткөн депутат Аида Касымалиева карыздарды төлөөдө жер талашка жол берилбеши керек, - дейт.

                     СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВА

Кыргызстанда радиоактивдүү заттарды иштетүүгө тыюу салуу демилгеси парламенттин кечээки олтурумунун орчундуу маселеси болду. Талкууда депутат Алтынбек Жунус уулу, - “Совет доорунда иштетилген урандын калдыктарынан ушу кезге кутула албай келатканыбыз чын. Ошондуктан, урандын зыянын бизнес менен алмаштырбайлы”, - деди.

                    СНХ.А.ЖУНУС УУЛУ

                 АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 31 - октябрда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад:17…22; Ысык-Көл:11…16, Нарын:10...15 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 31 - октябрда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 20…22 градус жылуу болот.

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 39

Окшош жаңылыктар