ЖАҢЫЛЫКТАР 01.11.19.

01-11-2019 08:46

Бүгүн, 1 – ноябрда “Ата - Мекен” фракциясынын кезектеги жыйыны өтөт. Анда Кыргыз Республикасындагы капиталдык курулуштардын абалы жана бүтпөгөн курулуштар көйгөйлөрү талкууланат. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер министри баштаган бир катар министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери чакырылды.

Алынган насыялар менен гранттык кажаттардын бир топ бөлүгү электр энергетикасынын муктаждыктарын жабууга жумшалууда. Алар менен кайрадан эсептешүүгө келгенде эң жогорку суммаларды кайтаруу 2027 – жылга туура келет, - дейт эл өкүлү Кожобек Рыспаев.

                      СНХ.К. РЫСПАЕВ

Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканалардагы абалды жакындан биле бербейт. Ага дилил келтирген депутат Бакыт Төрөбаев, - “Буга Баткен областтык ооруканасындагы дарыгерлердин жумуштан кетиши мисал. Бул аркылуу алар Жогорку Кеңешке, Президент менен Өкмөткө үн катты”, - дейт.  

                     СНХ.Б.ТӨРӨБАЕВ
Чет элдик студенттерди убактылуу каттоо тартиби жөнгө салынбаса, алардын ар эки ай сайын улам – улам кайра каттоодон өтө бериши бир топ убарагерчиликти жаратып жаткандыгын, - депутат Айнура Осмонова айтып чыкты.

                    СНХ.А.ОСМОНОВА

Мал жандыктарын идентификациялоо башталганы менен аны улантуу, жыйынтыктоо токтоп калгандыгын айткан депутат Зиядин Жамалдинов, - ветеринария инспекциясынын ишин сынга алды.

                    СНХ.З.ЖАМАЛДИНОВ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламентине ылайык, депутаттар ушул 2019-жылдын 4-5-6-ноябрында өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барышат. Бул тууралуу тиешелүү токтом кабыл алынды.

                 АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 1 - ноябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал – Абад, Баткен областтарында жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык – Көл, Нарын областтарында жаан – чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:14...19, Баткен, Ош, Жалал-Абад:15…20; Ысык-Көл:12…17, Нарын:11...16 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 1 - ноябрда жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 16…18 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 24

Окшош жаңылыктар