Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Ынтымак айылынын тургундары ичүүчү сууга муктаж

04-11-2019 17:39

Бүгүн, 4-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева менен депутат Сагындык Келдибаев Ош облусунун Өзгөн районундагы шайлоочулар менен жолугушуп жүрөт.

Эл өкүлдөрү Жалпак-Таш айыл өкмөтүндөгү Кысык-Алма айылынан кийин Ынтымак айылындагы шайлоочуларга барышты. Бул жердегилер Өзгөндөгү табигый кырсыктан улам көчүрүлүп келгендер. Ынтымактагылар ичүүчү суу жетпей кыйынчылык тартып жатышкандыктарын эл өкүлдөрүнүн астына коюшту. Жергиликтүү тургундар бир катар аткаминерлерди сындап, Жогорку Кеӊештин депутаттары келерин угуп, суу чыгара коюшканын айтышты.

Айтымында, бул аймакка суу чыгаруучу насостук жабдуулар үчүн мамлекеттик бюджеттен 35 млн сом бөлүнгөн. Насостук жабдуулар жыл айланбай керектен чыгып, эл кайра эле таза суусуз калышкан. Суу жок маалда жергиликтүү тургундар бир нече чакырым алыстыктан суу ташып келүүгө мажбур. Депутат С.Келдибаев Эсеп палатасына бул ишти тыкыр иликтөөгө тапшырма берилсе, болбогон айыппул төлөтүү менен чектелген жыйынтык чыгарылганын сынга алып, маселени күч органдарына тапшыруу зарылдыгын билдирди. Ал эми депутат Аида Касымалиева жогорудагыдай элдин муктаждыктарын чечүүгө каралган каражаттар сол чөтөккө кетип, натыйжасыз, ыраатсыз пайдаланылып жаткандыгына нааразычылыгын айтып, аткаруу бийлик өкүлдөрүнө катуу эскертүү берди.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1711

Окшош жаңылыктар