Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы, депутат Исхак Пирматов Кыргызстандагы Тажикстан Республикасынын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Сухроб Олимзода жана Иран Ислам Республикасынын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Али Можтаба Рузбехани менен жолугушту.
Алгач Тажикстан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Сухроб Олимзода менен болгон жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөө маселелери көтөрүлдү.
Кыргызстан коңшу өлкөлөр, анын ичинен Тажикстан менен ар тараптуу алакаларды арттырууга кызыкдар деген тармактык комитеттин төрагасы, депутат Исхак Пирматов: “Эки өлкөнүн кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү өтө кең. Айрыкча, соода байланыштарынын кеңейтүү менен экономикалык мамилелерди чыңдоо учур талабы”, – деди.
Ошондой эле, Афганистандагы этникалык кыргыздарга Кыргызстан тарабынан көрсөтүлгөн гуманитардык жардамды жеткирүүдө тажик тараптын колдоосу маанилүү экенин айткан Исхак Пирматов: “Тажикстандагы кыргыз тилдүү мектептердеги билим берүүнүн сапатын жогорулатууга да эки өлкө бирдей аракет көрүшү зарыл” – деп кошумчалады.
Өз кезегинде элчи Сухроб Олимзода бардык коюлган максаттарды ишке ашырууда парламенттер аралык кызматташтыктын да ролу жогору экенин белгилеп: “Биз эки өлкөнүн жергиликтүү кеңештери ортосундагы байланыштарды да чыңдообуз керек”, – деди.
Андан тышкары жолугушууда чек ара көйгөйлөрүнө байланышкан маселелер көтөрүлүп, бул багыттагы иштери тынымсыз улантылышы керектиги айтылды.
Ал эми Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Али Можтаба Рузбехани менен болгон жолугушууда да эки мамлекеттин соода-сатык байланыштарын күчтөндүрүү, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы, депутат Исхак Пирматов Иран менен Кыргызстандын байланышы динамикалуу өнүгүп жатканына токтолуп: “Албетте калыптанган кызматташтык мамилени мындан ары да өнүктүрүү шарт. Айрыкча, эки өлкө ортосунда түз аба каттамдарын ачуу маселелеси да күн тартибиндеги маанилүү максаттарыбыздан болушу керек”, – деди.
Элчи Али Можтаба Рузбехани да эки өлкөнүн тарыхый байланышы терең экенин белгилеп, аны ар тараптуу өнүктүрүү зарылчылыгын кошумчалады.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы