Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төрага Дастанбек Жумабеков Сауд Аравиянын элчиси Абдурахман Бин Саид Аль-Жуманы кабыл алды

12-02-2019
18:24

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Сауд Аравия Королдугунун Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Абдурахман Бин Саид Аль-Жума менен жолугушту.  

Жолугушууда эки тараптуу алакалардын учурдагы абалы, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкты жана саясий-экономикалык байланыштарды арттыруу маселелери талкууланды.  

Төрага Дастанбек Жумабеков Кыргызстан менен Сауд Аравияны байыркы тарыхый байланыштар жана окшош диний ишенимдер бириктирип турарын белгилеп, мындан ары да саясий мамилени өркүндөтүү керектигин кошумчалады. “Жогорку деңгээлдеги эки тараптуу иш сапарлар жана депутаттар ортосундагы жолугушуулар мамлекеттер аралык байланышты бекемдөөгө өбөлгө болот”, – деди Төрага.

Ошондой эле парламенттер аралык кызматташтык маселесине токтолгон Дастанбек Жумабеков: “Жогорку Кеңеш депутаттардын достук топторунун кызматташтыгын өнүктүрүүгө кызыкдар”, – деди. Маалымат катары Жогорку Кеңештеги Сауд Аравиясы менен кызматташуу боюнча достук тобу парламенттеги ири достук топторунун бири экенин билдирди.  

Ал эми соода-экономикалык байланыштар боюнча да пикирин айткан Дастанбек Жумабеков бул жааттагы эки өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрү арбын экенин белгиледи. “Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Сауд Аравиянын соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 1 млн. АКШ долларын түзөт. Андыктан экономикалык байланыштарды чыңдоо жана Кыргызстанга Сауд Аравиядан инвестиция тартуу артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири”, – деген Төрага, Жогорку Кеңеш чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын кошумчалады.   

Андан тышкары, Дастанбек Жумабеков жалпы суммасы 3,7 млн. долларды түзгөн Гранттык макулдашуунун алкагында максатталган үч долбоорду тез арада ишке ашыруу маселесине да токтолду. Белгилей кетсек, лабораториялык-карантиндик аймакты куруу (1 млн. доллар), Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтун керектүү жабдуулар менен камсыздоо (1,5 млн. доллар), Бишкек шаарындагы кургак учук борборуна жана Кара-Кулжа, Түп райондорундагы эки медициналык борборго жабдуу алуу (1,2 млн. доллар) боюнча макулдашылган.  

Өз кезегинде элчи Абдурахман Бин Саид Аль-Жума Сауд Аравия дагы Кыргызстан менен болгон кызматташтыкты арттырууга кызыкдар экендигин жана парламенттер аралык байланыштарды бекемдөөгө өзгөчө көңүл буруларын билдирди.

Ал эми айтылган Гранттык макулдашуу тууралуу тиешелүү министрликтер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын маалымдаган Абдурахман Бин Саид Аль-Жума, ушул жылдын аягына чейин долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бардык иш-чаралар бүткөрүлөрүн кошумчалады.  

Ошондой эле элчи Сауд Арабиянын Аш-Шура Мажилисинин төрагасы Абдуллах бин Мухаммад бин Ибрахим аль-Аш-шейхтин Кыргызстандагы иш сапары тууралуу кеп салып, Саудия тарап сапарды быйыл уюштурууга кызыкдар экендигин маалымдады.

Ал эми Төрага Дастанбек Жумабеков меймандос кыргыз эли аталган иш сапарды кубануу менен кабыл аларын белгилей кетти.