Жогорку Кеӊештин Кыргызстан-Германия депутаттык достук тобунун мүчөлөрү бүгүн, 11-мартта Германия Федеративдүү Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлү Михаэль Зилберт жана Германиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Моника Иверсен баштаган дипломаттар тобу менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык мамилелердин келечеги жаатында пикир алышты. Жолугушууга кыргыз тараптан Кыргызстан-Германия депутаттык достук тобунун мүчөлөрү Айнуру Алтыбаева, Сайдулла Нышанов, Умбеталы Кыдыралиев, Жаныбек Бакчиев катышты.
Депутаттык достук тобунун башчысы Айнуру Алтыбаева кыргыз-герман кызматташтык мамилелери, анын ичинде парламенттер аралык байланыш жылдан-жылга бекемделип баратканын баса белгиледи. «Өзүӊүздөр жакшы билесиздер, Кыргызстан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп бийликтин парламенттик башкаруу таризин тандап алган, азыр парламенттик демократия салттарын калыптандыруу аркетинде келет. Акыркы парламенттик жана президенттик шайлоолор заманбап биометрикалык жаӊы технологияны колдоонуу аркылуу таза өткөрүлдү. Буюрса, келерки жылы да парламенттик шайлоо болгону турат, ал дагы ачык-айкын өтөт деген ойдомун», - деди ал.
Депутат жакында КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун Германияда иш сапары боло турганын эске салды. «Президентибиз иш сапарынын алкагында Германиянын Президенти жана Германиянын Канцлери менен жолугушат. Мындай жолугушуулар кыргыз-герман кызматташтык мамилелерин жаӊы баскычка көтөрөт деген ишенимде турабыз. Кыргызстан-Германия депутаттык достук тобунун мүчөлөрү да эки тараптуу байланыштардын жанданышына өз салымын кошо турганына тереӊ ишенем», - деп кошумчалады Айнуру Алтыбаева.
Ал эми Германиянын Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлү Михаэль Зилберт депутаттар тобуна жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, Германия Кыргызстандын баардык жакшы демилгелерин колдоого даяр экенин билдирди. «Биз Кыргызстан менен эки тараптуу да, көп таратуу форматта да тыгыз кызматташып, социалдык жана экономикалык багыттагы бир катар ири долбоорлорду ишке ашырып жатабыз. Айрыкча, акыркы жылдары каржы-техникалык долбоорлордун алкагында Кыргызстандын экономикасына ири көлөмдөгү гранттык каражаттар тартылууда», - деди ал.
Ушул эле күнү Германиянын Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлү Михаэль Зилберт баштаган дипломаттар тобун Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Исхак Пирматов кабыл алып, кыргыз-герман кызматташтык мамилелерин андан ары өнүктүрүү, анын ичинде парламенттер аралык байланыштарды чыӊдоо жаатында пикир алышты.
Депутат ушу тапта кыргыз парламентинде Финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуу жана Техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратификацияланып жатканын кошумчалады. Келишимге ылайык, Германия Өкмөтү Кыргызстанга 40,1 млн евро өлчөмүндө гранттык каражат берет.
Белгилей кетсек, Германия эки тараптуу кызматташтык алкагында Кыргызстанга жалпы жонунан 542 млн евро көлөмүндө каржылык жардам көрсөтсө, анын ичинде 344 млн евро гранттык каражат, ал эми калганы жеӊилдетилген насыя болуп саналат.