Санкт-Петербург шаарындагы (Орусия) Таврия сарайында Кыргыз ССРинин Министрлер Кеӊешинин төрагасы, көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык ишмер Султан Ибраимовдун ишмердүүлүгүнө арналган эл аралык илимий конференция болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары Каныбек Иманалиев, Садык Шер-Нияз, Бактыбек Турусбеков, Тынчтык Шайназаров, КМШ ПАА Кеӊешинин башкы катчысынын милдетин аткаруучу – КМШ ПАА Кеӊешинин катчылыгынын жетекчиси Дмитрий Кобицкий, башкы катчынын орун басарлары – КМШга мүчө-мамлекеттердин парламенттеринин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Султан Ибраимовдун кызы Элмира Ибраимова, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү жана ошондой эле тарыхчылар менен эксперттер катышты.
Жыйын жүрүшүндө иш-чаранын катышуучуларына көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык ишмер Султан Ибраимовдун ишмердүүлүгүнө байланыштуу даректүү фильм көрсөтүлдү.
Андан соӊ КМШ ПААдагы Жогорку Кеӊештин өкүлү Нурбек Сатвалдиев Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун куттуктоо катын окуп берди. Анда Жогорку Кеӊештин спикери өлкөнүн өнүгүшүнө С.Ибраимовдун кошкон зор салымын баса белгилеген. «Ал Кыргыз ССРине көп иштерди жасаган деп айтсак жалпылап айткан болуп калабыз, ал өз өлкөсүнүн өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон. Өз ишин мыкты билген адистиги, ар бир ишке новатордук мамилеси анын эӊ алды менен Кыргызстандын түштүк облустарын өнүктүрүү аркылуу Кыргызстандын экономикалык жактан өнүгүшүнө сапаттуу секирик жасашына өбөлгө түздү. Ал иштеп турган мезгилде 126 ишкана жана кен иштеткен, кайра иштетүүчү, айыл чарба өнөржайы сыяктуу 40тан ашуун тармакты камтыган жогорку натыйжалуу өнөржай комплекси курулган. Алардын арасында энергетика, машина куруу жана пахта тазалоочу өнөржай тармактары маанилүү орунду ээлеген»,- деп айтылат Төраганын куттуктоо сөзүндө.
Өз кезегинде Султан Ибраимовдун кызы Элмира Ибраимова атасы тууралуу эскерүүлөргө ыраазычылыгын билдирди. «Бул мен үчүн жана биздин үй-бүлө үчүн абдан маанилүү»,- деген Э.Ибраимова ал үчүн С.Ибраимов баарыдан мурда атасы болсо, Кыргызстан үчүн бүткүл өмүр жолун өз өлкөсүнө арнаган барктуу мамлекеттик ишмер экендигин айтты. «Анын өмүр жолу Дөӊ-Арыктагы МТСтин тракторчусунан тарта Кыргыз ССР Министрлер Кеӊешинин Төрагасына чейин болду»,- дейт ал.
Жогорку Кеӊештин депутаты Каныбек Иманалиев Султан Ибраимовдун Кыргызстандын суу чарба тармагынын өнүгүшүнүн башатындагы эбегейсиз ролуна токтолду. «Кыргыз ССРинин мелиорация жана суу чарба министри болуп иштеп турганда ондогон суу сактагычтар салынган, ал эми С.Ибраимов Ош облусун жетектеп турган 1968-1978-жылдары ири ийгиликтерди багындырган. Ош облусу ыкчам темп менен өнүгүү жолуна түшкөн»,- деп эскерди Жогорку Кеӊештин депутаты.
Депутат Тынчтык Шайназаров мындай орчундуу иш-чараны Таврия сарайында өткөрүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн КМШ ПАА Кеӊешинин катчылыгына ыраазычылыгын айтты. «Бул сыяктуу иш-чаралар маданий-гуманитардык жактан эриш-аркак кызматташуунун мыкты салты жана кеӊири аянтчасы болуп калды»,- дейт ал.
Андан ары илимий конференциянын катышуучуларынын астында Султан Ибраимовдун басып өткөн жолу жана бай тажрыйбасы боюнча илимпоздор чыгып сүйлөштү.
Иш-чаранын соӊунда сунуштама кабыл алынды.