Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков КМШ ПАА Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты

18-04-2019
19:56

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Санкт-Петербург шаарында уюштурулган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблея Кеңешинин жыйынына катышты.

Жыйында Ассамблеянын уюштуруу иштери, 2018-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы талкууга алынып, КМШ ПАА Кеңешинин Төрагасы, Башкы катчысы жана туруктуу комиссияларынын башчылары шайланды.

Белгилей кетсек, КМШ ПАА Кеңешинин Төрайымы болуп кайрадан Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеӊешинин Төрайымы Валентина Матвиенко шайланса, Башкы катчы катары Дмитрий Кобицкий тандалды.

Ошондой эле отурумда Ассамблеянын 49-пленардык жыйынынын күн тартиби, Шериктештикке кирген өлкөлөрдөгү шайлоолорго байкоо жүргүзүүнү уюштуруу, анын ичинен Армения Республикасынын Улуттук Жыйынына кезексиз шайлоолордун, Молдова Республикасынын парламентине шайлоолордун жүрүшүнө Парламенттик ассамблеянын атынан Эл аралык байкоочуларды катыштыруу, Улуу Ата-Мекендик согуштун Жеңишинин 75 жылдыгына даярдык көрүү, Парламенттер аралык ассамблеянын ишин каржылоо, Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыкты тапшыруу маселелери талкууланып, бир катар маданий-саясий иш-чаралардын жыйынтыгы тууралуу сөз болду.