Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төрага Дастанбек Жумабеков Түркиянын Диаспора жана боордош элдер иштери боюнча башкармалыгынын төрагасынын орун басары Саит Юсуфту кабыл алды

22-04-2019
14:03

Бүгүн, 22-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Диаспора жана боордош элдер иштери боюнча башкармалыгынын төрагасынын орун басары Саит Юсуфту кабыл алды.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкка тиешелүү билим берүү жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.  

Төрага Дастанбек Жумабеков боордош эки өлкөнүн достук мамилеси бардык багытта өнүгүп жатканын белгилеп: “Биздин максат – өлкөлөрүбүздүн келечеги үчүн күч жумшоо. Андыктан биз мындан ары да кызматташтыгыбызды бекемдеп, алакаларды арттырууга басым жасайбыз”, – деди.

Ошондой эле Түркия тарапка кыргызстандык студенттерге жогорку окуу жайларында окуу мүмкүнчүлүгүн түзүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирген Төрага, окуусун аяктаган студенттер Кыргызстанда мыкты адис катары өздөрүн көрсөтүп жатышканын кошумчалады.  

Өз кезегинде Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Диаспора жана боордош элдер иштери боюнча башкармалыгынын төрагасынын орун басары Саит Юсуф жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирип, алакаларды арттыруу зарылчылыгы тууралуу пикирге кошуларын белгиледи.    

Андан тышкары, ал “Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аталышындагы майрамдык салтанаттын жогорку деңгээлде өткөнүнө токтолду. Эскерте кетсек, Ош шаарын түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары белгилөө чечими Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) туруктуу Кеңешинин 36-отурумунда кабыл алынган.  

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы