Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз «5-Дүйнөлүк маданий диалог» форумуна катышты

04-05-2019
15:37

«Бешинчи дүйнөлүк маданий диалог» форуму «Дискриминация, теңсиздик жана зордук-зомбулуктарга каршы диалогду киргизүү» темасына арналды. 2019-жылдын 2-3-май күндөрү Азербайжан Республикасынын Бакы шаарында болгон бул иш-чарага Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Социалдык, маданий, гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Садык Шер-Нияз катышты.

Форумдун жүрүшүндө эл өкүлү жогоруда айтылган темада маданияттын өзгөчө ордун белгилеп, англис тилинде баяндама жасады. Депутат айрыкча кинематографияны, маданий иш-чараларды жана этно спортту өнүктүрүү аркылуу басмырлоо менен теңсиздике туруштук бергенге мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстан  демилгелеген «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» ар түрдүү улуттардын  маданияттарынын  башын  бириктирип,  этно оюндар аркылуу маданий диалогду арттырууга эбегейсиз зор салым кошуп келе жатканын белгилеп өттү.

Аталган форумга Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев  баш болгон жүздөн ашык өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрү жана отуздан ашык эл аралык уюумдар катышты.

Бул иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча (ЮНЕСКО), Дүйнөлүк Туристтик уюму (БУУДТУ), Цивилизация Биримдиги (БУУЦБ) уюмдары жана Европа Кеңеши менен Ислам Билим берүү, илим жана маданият уюму (ИБИМУ), Азербайжан Өкмөтү менен биргеликте уюштурулган.

ТҮРКПА Катчылыгы