Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Бишкекте ЖККУ ПА Кеӊешинин жыйыны өз ишин баштады

20-05-2019
10:55

Бүгүн, 20-майда Бишкек шаарында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Парламенттик ассамблея (ПА) Кеӊешинин көчмө жыйыны өтүп жатат.

Жыйынга ЖККУ ПАга мүчө-өлкөлөрдөн келген делегациялар катышууда: Орусия Федерациясы, Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы, Беларусь Республикасы, Армения Республикасы, Кыргыз Республикасы. Ал эми аталган иш-чарага байкоочу катары Сербия Республикасы менен Ооганстан Ислам Республикасынын өкүлдөрү келишкен.

ЖККУ ПА Кеӊешинин катышуучулары 2019-жылдын 21-22-февраль күндөрүндө Вена шаарында өткөн ЕККУ Парламенттик ассамблеясынын кышкы сессиясынын жыйынтыгы, 2019-жылдын июль айында Люксембург шаарында өтө турган ЕККУ ПАнын кезектеги жайкы жыйынына катышуу тууралуу маалыматтарды угушат.

Жыйындын күн тартибинде жамааттык коопсуздукка каршы чакырыктар жана коркунучтарга каршы аракеттенүү жаатындагы маселелер жана ошондой эле 2016-2020-жылдарга карата ЖККУга мүчө-мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын шайкеш келтирүү маселелери турат.

Ошону менен катар делегация мүчөлөрү ЖККУ ПАнын Саясый маселелер жана эл аралык кызматташуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасын жана төрагасынын орун басарын бекитүү тууралуу дагы маселени карашат. Мындан сырткары, ЖККУ ПАнын 2019-жылга карата иштөө планы такталып, ЖККУ ПА Кеӊешинин кийинки жыйыны менен ЖККУ ПАнын 12-пленардык жыйынын өткөрүү мөөнөтү жана орду аныкталат. ЖККУ ПАнын 2019-жылдын 9-июнундагы Казакстан Республикасынын Президентин кезексиз шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык байкоочулар тобунун курамы жөнүндө дагы маселе каралмакчы.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы