Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутаттар Каныбек Иманалиев менен Садык Шер-Нияз Кембридж университетинде өткөн иш-чарага катышты

21-05-2019
15:47

Кембридж университетинде Каныбек Иманалиевдин Улуу Британияда англис тилинде басылып чыккан «Каганат» китебинин бетачар аземи болуп өттү. Адегенде Евразиялык чыгармачыл гильдиянын төрагасы Марат Ахмеджанов сөз алып, китеп жөнүндө кыскача оюн айтты.

Андан соң Евразиялык чыгармачыл гильдиянын чакыруусу менен барган депутаттар Каныбек Иманалиев менен Садык Шер-Нияз да бул китеп тууралуу өздөрүнүн ойлорун билдиришти. Иш-чара андан ары «Кыргыз Республикасынын парламентинде болгон өнүгүүлөр» аттуу дискуссия менен уланды.

Жогорку Кенештин депутаттары: Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча Комитеттин төрагасынын орун басары Каныбек Иманалиев жана Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Социалдык, маданий, гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын төрагасы Садык Шер-Нияз, ошондой эле Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Гүлнара Искакова жана Кембридж университетинин Орто Азия форумунун мүдүрү доктор Сидхарт Саксена негизги дискуссанттар болушту.

Иш-чарага Индия, Пакистан, Кытай, Жапония, Казакстан, Кыргызстан, Улуу Британия жана Европанын бир катар өлкөлөрүнөн Кембридж университетине келип, окуп жана иштеп жаткан студенттер, аспиранттар жана окумуштуулар катышты.

Ошону менен бирге, Каныбек Иманалиев Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттары, кыргыз тарыхы жөнүндө баяндама жасаса, Садык Шер-Нияз англис тилинде улуттук маданияттын өлкөнүн ички жана тышкы саясатындагы мааниси жөнүндө өз ойлорун билдирди.

Иш-чара катышуучулары тарабынан Кыргызстандагы билим берүү жана туризмге, Кыргызстандын «Бир кур – бир жол» программасына катышуусуна, парламентаризм жана демократиялык өнүгүүгө, ошондой эле гендердик маселелерге байланыштуу арбын суроолор берилди.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы