Бүгүн, 14-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Кытай Эл Республикасынын Кытай коммунисттик партиясынын (ККП) Фанченган шаардык комитетинин катчысы, Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр Жыйынынын Фанченган шаардык туруктуу комитетинин директору Ли Яньцян баштаган делегация менен жолугушту.
Жогорку Кеӊештин вице-спикери меймандардын сапары Фанченган шаарында өткөн эл аралык медициналык форумдун уландысы катары кабылдап, бул иш-чара эки өлкөнүн кызматташуусунун артышына өбөлгө болоорун баса белгиледи.
Өз кезегинде ККП Фанченган шаардык комитетинин катчысы Ли Яньцян маектешинин аталган медициналык форумда саламаттыкты сактоо жаатында кызматташуу боюнча сунуш-пикирлерин колдой тургандыгын, форумда айтылган мындай олуттуу демилгелер сөз бойдон калбай, иш жүзүнө ашуусу керектигин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аталган форум жөн гана бир окуя болуп калбастан, анын максаттарын ишке ашыруу чаралары тууралуу пикир алышты.
Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы