Жогорку Кеӊештин Жапония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Таалайбек Масабиров менен депутат Данияр Төлөнов Хамуро шаарынын мэри Наимки Шин баштаган жапон делегациясы менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык мамилелердин абалы жана келечеги жаатында пикир алышты. Жапон делегациясынын курамында Хамуро шаарынын мэринин кеӊешчиси Такеда Ешихиро, Kinki Japan туристтик компаниясынын директору Кошимизу Кенжи, Japan Style Training Center компаниясынын башкы директору Етсухаши Мичинори бар.
Депутат Таалайбек Масабиров меймандарды Жапониянын жаӊы императору Нарухитонун такка отурушу менен куттуктады. «Кыргыз-жапон кызматташтыгы Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат», - деп, ал жапон тарапка спорт тармагында, анын ичинде Кыргызстандын дзюдо федерациясы менен тыгыз кызматташып келатканы үчүн ыраазычылык билдирди.
Депутат Данияр Төлөнов кыргыз-жапон кызматташтыгынын алкагында ишке ашырыла турган маданий-гуманитардык байланыштар боюнча бир катар ири долбоорлор бар экенин белгиледи. «Эки тараптын өкүлдөрүнүн бул жолугушуусу мына ошол долбоорлордун ырааттуу ишке ашырылышына өбөлгө түзө турганына тереӊ ишенем», - деди ал.
Ал эми Хамуро шаарынын мэри Наимки Шин мырза кыргыз-жапон кызматташтык мамилелеринин чыӊдалышына мындан ары да болгон аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.
Жолугушуу жүрүшүндө Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы алакаларды арттыруу, айрыкча билим берүү, спорт, маданият жаатындагы байланыштарды жандандыруу маселелери тууралуу сөз болду.