Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттардын тобу Түркиянын баш калаасы Анкарада «15-июлдун курмандыктарын эскерүүгө" арналган иш-чарага катышты. Түрк парламентинин имаратында өткөн иш-чарага бир катар өлкөлөрдүн парламент жетекчилери менен депутаттары чакырылган.
Эске салсак, мындан үч жыл мурда Түркия Республикасында төңкөрүш аракети жасалып, Анкара шаарында 250дөн ашуун адам каза тапкан.
Төрага Д.Жумабеков баштаган парламенттик делегациянын расмий иш сапары эки тараптуу жолугушуулар менен уланмакчы. Бугүн кыргыз делегациясы Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган катышкан эскерүүгө чакырылган. Андан тышкары, Төрага Дастанбек Жумабековдун Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, парламенттик делегациянын курамында депутаттар Алмазбек Акматов, Искандер Гайпкулов, Зиядин Жамалдинов, Төрөбай Зулпукаров, Канатбек Исаев, Талант Мамытов бар.