Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков ЕККУ ПАнын төрагасы Георгий Церетели менен жолугушту

27-09-2019
12:58

Бүгүн, 27-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) төрагасы Георгий Церетелини кабыл алды.

Алгач Төрага Дастанбек Жумабеков Георгий Церетелини ЕККУ ПАнын төрагасы кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктап, эл аралык деңгээлдеги жоопкерчиликтүү ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле жолугушууда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун алкагындагы алакаларга байланышкан маселелер талкууланды.

“Кыргызстан башкаруунун парламенттик формасын сактоого жана өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасап келет. Муну менен катар өлкөбүздүн демократиялык инфратүзүмү эл аралык укуктук нормаларга ылайыкталган улуттук мыйзамдарга негизделген” – деген Төрага Дастанбек Жумабеков, натыйжалуу демократиялык кайра куруулар эл аралык коомчулуктун колдоосуна муктаж экендигин кошумчалады.

Андан тышкары Төрага парламенттик демократияны өнүктүрүү, коррупцияга каршы күрөшүү, аймактык коопсуздукту бекемдөө, шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча Кыргызстан ЕККУ ПА менен кызматташууга кызыкдар экендигине токтолду. Буга кошумча Дастанбек Жумабеков 2020-жылы өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жараяны Кыргызстан үчүн коомдун демократиялык негизинин  бекемдигин текшерген кезектеги сыноо болорун билдирди.     

Ал эми шайлоо мыйзамдарына тиешелүү жаңы эрежелерди да эске салган Төрага Дастанбек Жумабеков гендердик квотаны так сактоо менен кайсы жыныстагы депутаттын ыйгарым укугу токтотулса, ошондой эле жыныстагы талапкер анын ордуна келиши керектиги тууралуу каралганын кеп кылды.

Мындан сырткары, 2020-жылдагы парламенттик шайлоого эл аралык байкоочу катары ЕККУ ПАнын мүчөлөрүн катышып кетүүгө чакырган Төрага, байкоо салуу өнөктөштүгү ЕККУ чөлкөмүндөгү шайлоо жараяндарын ийгиликтүү өткөрүү багытындагы кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө салым болорун белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстанда инвесторлорду коргоого багытталган либералдуу инвестициялык мыйзамдар каралганын эске салган Дастанбек Жумабеков, транспорт жана гидроэнергетика жаатында ири инвестициялык долбоорлор бар экенин айтып, Георгий Церетелиден ЕККУ аймагынан инвестиция тартууга көмөктөшүүнү өтүндү.    

Өз кезегинде Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын төрагасы Георгий Церетели жылуу кабыл алгандыгы жана ЕККУ ПАнын жыйындарына Жогору Кеңештин депутаттарынын жигердүү катышып жаткандыгы үчүн Төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирди.

Европа биримдиги Борбор Азия менен тыгыз кызматташуу боюнча атайын концепция иштеп чыгып, аны ишке ашырууга катуу далалат кылып жатканын айткан Георгий Церетели, ЕККУ менен Кыргызстан бардык багыттагы кызматташтык, анын ичинен демократиялык жараяндарды өнүктүрүү жана шайлоо өнөктүктөрүн ийгиликтүү өткөрүү боюнча зор тажрыйбага ээ экенин белгиледи.

Аны менен катар ЕККУ ПАнын төрагасы Кыргызстан жигердүү мүчөлүк кылган эл аралык уюмдар менен болгон кызматташтыкты арттыруу аркылуу байланыштын бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу зарылчылыгына токтолду.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы