Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төрага Дастанбек Жумабеков Литва Республикасына расмий иш сапар менен барды

16-10-2019
17:06

Бүгүн, 16-октябрда Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Литва Республикасына расмий иш сапар менен барды.  

Сапардын алкагында бир катар жолугушуулар өтөөрү мерчемделген. Тагыраагы, Төрага Дастанбек Жумабеков Литва парламентинин Төрагасы Викторас Пранцкетис жана тышкы иштер министри Линас Линкявичюс менен жолугушат.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин делегациясы Литва мамлекетине Латвия Республикасындагы расмий иш сапардан соң барды. Ал эми делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Динара Исаева, Гүлшат Асылбаева, Өмүрбек Бакиров, Жаныбек Исаев жана Бакирдин Субанбеков бар.    

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы