Депутат Таалайбек Масабиров Жапониянын элчиси менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтык мамилелердин келечеги жаатында пикир алышты

25-10-2019 15:48

Жогорку Кеңештин депутаты, Жапония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун башчысы Таалайбек Масабиров бүгүн, 25-октябрда Жапониянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Маэда Сигеки менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтык мамилелердин келечеги жаатында пикир алышты. Жолугушууга депутаттар Айнуру Алтыбаева менен Сайдолимжон Джураев катышты.

Депутат Таалайбек Масабиров Маэда Сигеки мырзаны жаңыдан элчи болуп дайындалышы менен куттуктап, анын мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалады. «Кыргызстанда Жапониянын каржылык колдоосу менен бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда. Айрыкча билим берүү, медицина, коммуникация тармактарын өнүктүрүүгө гранттык каражаттарды берип келаткан Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) аракети арбын. Мамлекеттик кызматкерлердин, анын ичинде кыргыз парламентинин адистеринин билимин тереңдетүү жаатында бир топ иштер жасалды», - деди ал.

Жылуу кабыл алышканы үчүн ыраазычылык билдирген Жапониянын элчиси Маэда Сигеки Кыргызстанга келгендин эртеси эле тышкы иштер министринин кабыл алуусунда болгонун, 6 күндөн кийин эле Президентке элчилик ишеним грамотасын тапшырганын билдирди. «Мындай жылуу мамиле Кыргызстан Жапония менен болгон кызматташтык алакаларына өзгөчө мамиле жасай турганын туюндуруп турат. Мен өзүм узак жылдар тышкы соода тармагында иштегем, ошондон улам, экономикалык байланыштарды чыңдоо үчүн жөнөтүлдүм. Буюрса, бул багытта бир топ долбоорлордун үстүндө биргелешип иш алпарабыз», - деди ал.

Жолугушуу жүрүшүндө депутат Айнуру Алтыбаева Кыргызстан Борбордук Азия чөлкөмүндө парламенттик башкаруу таризин тандап алган бирденбир мамлекет экенине элчи мырзанын көңүлүн буруп, кыргыз элинин ишкер аялдарына колдоо көрсөтүүгө чакырды. Ал эми депутат Сайдолимжон Джураев элчи мырзанын эки өлкөнүн ортосундагы парламенттер аралык байланыштарды чыңдоого да өз салымын кошоруна ишеним артарын айтты.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 12