Төрага Дастанбек Жумабеков: “Парламенттер аралык отурумдар – бул жааттагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн уникалдуу мүмкүнчүлүгү болуп эсептелет”

05-11-2019 12:28

Бүгүн, 5-ноябрда Ереван шаарында (Армения Республикасы) Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблея (ЖККУ ПА) Кеңешинин көчмө жыйыны өтүүдө.  

Жыйында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков сөз сүйлөп: “Парламенттер аралык уюмдардын ишмердүүлүгү жана алардын ушул сыяктуу көчмө жыйындары – парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн уникалдуу мүмкүнчүлүгү болуп эсептелет”, – деди.   

Кийинки сессиялар аралык мезгилге карата ЖККУга төрагалык кылуу милдети өткөн жылы Кыргызстанга берилгенин эске салган Төрага: “Кыргыз тарап төрагалык кылып турган мезгилде коюлган максаттар бардык уюмга мүчө мамлекеттердин колдоосу менен ишке ашырылганын белгиледи.

Ошондой эле, бул мезгил аралыгында Кыргыз Республикасынын сунушу менен заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу, саясаттан тышкаркы кызматташтыкты бекемдөө, кризистик кырдаалдарды жоюу жаатындагы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү менен аскердик-экономикалык алакаларды арттыруу маселелери ЖККУ ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары болгонун билдирди.    

“Айрыкча заманбап коркунучтарга жана чакырыктарга биргелешип каршы турууну көздөгөн ЖККУ алкагындагы жемиштүү жана конструктивдүү кызматташтык кыргыз тарап үчүн маанилүү бойдон кала берет. Анткени биз биргелешкен аракеттин арты менен гана кооптуу жагдайларга каршы натыйжалуу күрөшө алабыз. Биз үчүн ЖККУ өтө актуалдуу маселелер талкууланган байланыш аянтчасы болуп саналат”, – деди Дастанбек Жумабеков.    

Андан тышкары, жыйындын күн тартибинде ассамблеянын төрагасын шайлоо маселеси да каралып, Төрага Дастанбек Жумабеков Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) төрагалыгына Россия Федералдык Жыйынынын  Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володинди кайрадан шайлоону сунуштады.  

Белгилей кетсек, ЖККУ ПАнын Ереван шаарында өтүп жаткан отурумдарына Кыргызстан, Россия, Казакстан, Беларусь, Тажикстан жана Армения мамлекеттеринин делегациялары катышууда. Ал эми кыргыз делегациясынын курамында депутаттар Алмамбет Шыкмаматов, Тазабек Икрамов жана Алмазбек Акматов бар.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 958