Төрага Дастанбек Жумабеков Ереван шаарындагы иш сапарынын алкагында бир катар иш-чараларга катышты

05-11-2019 15:21

Бүгүн, 5-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Ереван шаарында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблея (ЖККУ ПА) Кеңешинин жыйынынын алкагында уюмга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилери менен бирге калаадагы өчпөс отко гүлчамбар койду.  Ошондой эле Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту.

Белгилей кетсек, Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблея (ЖККУ ПА) Кеңешинин жыйынына жана 12-пленардык отурумуна катышуу үчүн Ереван шаарына барган.  Ал эми делегация курамында депутаттар Алмамбет Шыкмаматов, Тазабек Икрамов жана Алмазбек Акматов бар.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1575