Айнура Осмонова урап калуу алдында турган Жалал-Абад Маданият техникумунун абалын көрүп чыкты

06-11-2019 16:43

5-ноябрда эл өкүлү Жалал-Абад шаарындагы Жалал-Абад Маданият техникумуна барды. Буга чейин аталган окуу жайдын мугалимдер жамааты Осмонованын дарегине кат менен кайрылып, окуу жайдын корпусу жана материалдык базасы ыйлай турган абалда экенин, аны чечүүгө жардам берүү өтүнүчүн билдиришкен болчу.

Айнура Осмонова аталган окуу жайга барып, алгач көйгөйдү мугалимдердин өзүнөн укту. Алардын айтымында, техникумдун корпусу 1936-жылы курулгандыктан эскилиги жетип калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан да корутунду чыгарылган. Мындан улам билим алып жаткан студенттер окуусун толук аягына чыгарбай кетип калууга аргасыз болушууда.

Эл өкүлү техникумдун окуу корпусу жана материалдык базасы менен таанышып чыккан соӊ маселени чечүүгө аракет кыла турганын айтты.

КСДП парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 973

Окшош жаңылыктар