Депутат Б.Төрөбаев математика мугалимдеринин арасында жарыяланган сынактын жеӊүүчүлөрүн куттуктады

14-11-2019 15:59

Бүгүн, 14-ноябрда «Өнүгүү» парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев математика мугалимдеринин арасында жарыяланган сынактан жеӊген мугалимдер менен жолугушту.

Үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде депутат Бакыт Төрөбаевдин демилгеси менен 4-5-6-класстардын математика мугалимдери үчүн “Бөлчөктөр деген эмне?” аттуу сынак жарыяланган. Сынакта окутуунун жеткиликтүү жана альтернативдүү формаларын, ошондой эле жалпы билим берүүчү мекемелерде заманбап усулдарды табуу талабы коюлган. Жарыяланган сынакка катышуу боюнча 15 арыз келип түшкөн. Аларды дыкат карап чыккан соӊ, 4 жеӊүүчү аныкталган.

Сынактын жеӊүүчүлөрүнө ыраазычылык каттар менен кошо баалуу белектер тапшырылды.

Мугалимдер арасында жарыяланган сынактын жеӊүүчүлөрү:

  • Айжамал Залимова, Сокулук  районундагы №4 Муса Жангазиев атындагы орто мектебинин  мугалими,
  • Кумарбек Азимбаев, Жалал-Абад облусундагы № 11 Мариям Орозалиева атындагы орто мектебинин муглими,
  • Людмила Айдабосунова, Бишкек шаарындагы № 4 орто мектебинин мугалими;
  • Гулчехра Эшанова, Жалал-Абад шаарындагы Нур-Билим жеке менчик мектеп гимназиясынын мугалими.

“Советтер союзу кулаган 90-жылдарда калктын сабаттуулугу 100% эле. Бүгүнкү күндө, тилекке каршы, элдин сабаттуулугу барган сайын төмөндөөдө”,- дейт Б.Төрөбаев. Эл өкүлү келечекте эл аралык ар кандай олимпиадаларда байгелүү орундарды жеӊген мектеп окуучуларын аэропорттон эл аралык мелдештен жеӊип келип жаткан спортчулардай тосуп алышын каалады.

Белгилей кетсек, Б.Төрөбаев Жалал-Абад шаарындагы математикалык багыттагы мектепти аяктаган. Мектепте окуп жүргөндө математика жана физика боюнча бир топ олимпиадаларда байгелүү орундарды ээлеген.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1249

Окшош жаңылыктар