Өкмөткө 2019-жылдын республикалык бюджетин аткаруу боюнча бир катар иштиктүү тапшырмалар берилди

14-11-2019 16:54

Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясы кабыл алынды.

Өкмөттүн берген маалыматына караганда, сунушталган мыйзам долбоорунда 2019-жылга карата өлкөнүн бюджеттик тутумунун киреше базасын өзгөртүү өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү болжолунун өзгөрүшүнүн, өткөн 9 айындагы иш жүзүндө түшүүлөрдүн, жыл аягына чейинки кирешелердин түшүүлөрүн баалоонун негизинде жүргүзүлгөн.

Ошентип, 2019-жылы мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 155 млрд 318 млн сом көлөмүндө же ички дүң өнүмдүн 25,9 пайызында каралат. 2019-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу республикалык бюджеттин номиналдык маанидеги кирешелери 2,3 пайызга же 3 млрд 556 млн сомго көбөйөт.

Республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү финансылык активдерди эске албастан 165 млрд 264 млн сом деңгээлинде белгиленген, бул 2019-жылдын бекитилген бюджетинен 3 млрд 350 млн сомго көп, анын ичинде бюджеттик каражаттардын эсебинен – 137 млрд 490 млн сом, бул 2019-жылдын бекитилген бюджетинен 6 млрд 612 млн сомго көп. Атайын эсептин каражаттары – 13 млрд 303 млн сом, бул 2019-жылдын бекитилген бюджетинен 3 млрд 930 млн сомго көп. Мамлекеттик инвестициялардын каражаттары – 14 млрд 470 млн сом.

Ал эми республикалык бюджеттин тартыштыгы 9 млрд 945 млн сомду түзөт. Каржы тартыштыгын жабууга 9 млрд 945 млн сом көлөмүндө каржылоо булактары каралган: ички булактар боюнча 5 млрд 190 млн сом өлчөмүндө оң сальдо, тышкы булактар боюнча 4 млрд 755 млн сом өлчөмүндө оң сальдо.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын республикалык бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси депутаттардын сунушу боюнча “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору менен чогуу каралды.

Мурда такталган республикалык бюджетте белгиленген айрым киреше булактары боюнча пландар аткарылбай жатканына кабатыр болгон бир катар депутаттар өзгөчө салык жана бажы тармактарына талапты күчөтүү, көмүскө экономиканы көрүнөө алып чыгуу аракеттерин жандандыруу, айрыкча орто жана чакан бизнес чөйрөсүндө орун алган салыктык жашыруу жосундарына көзөмөлдү күчөтүү, бюджеттик каражатты өз багытында сарамжалдуу пайдалануу, ссудалык каражаттардын кайтарымдуулугун арттыруу зарылдыгын белгилешти.

Андан тышкары, Өкмөткө 2019-жылдын республикалык бюджетин талаптагыдай аткаруу боюнча бир катар тапшырмалар менен сунуштамалар берилди.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 907

Окшош жаңылыктар