ММК фондунун 2020-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 15 млрд 745 млн сом көлөмүндө болжолдонууда

15-11-2019 11:47

Жогорку Кеңеште «КР Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуу өтүп жатат. Иш-чарага депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийликтин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы Эмил Токтошев ММК фондунун бюджети республикалык бюджеттик тутумунун бир бөлүгү болуп санала турганын эске салып, ал мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын милдеттерин каржылык жактан камсыздоого арналган акча каражаттарынын топтоштурулган кору экенин баса белгилөө менен, коомдук угуунун катышуучуларын талкуу жүрүшүнө жигердүү катышып берүүгө чакырды.

Ошентип, ММК фондунун маалыматына караганда, фонддун 2020-жылдагы бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 15 млрд 745 млн сом көлөмүндө жана чыгышалар боюнча 15 млрд 745 млн сом көлөмүндө, 2021-жылга божомолу 14 млрд 661 млн сом жана 2022-жылга божомолу 17 млрд 215 млн сом өлчөмүндө түзүлдү.

ММК фондунун 2020-жылдагы бюджетин түзүүчү негизги булактар болуп республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар менен Социалдык фонддун бюджетинен берилүүчү милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелет. Ошондон улам, республикалык бюджеттен берилүүчү каражат 10 млрд 852 млн сом көлөмүндө, Социалдык фонддун бюджетинен берилүүчү каражат 2 млрд 569 млн сом өлчөмүндө болжолдонууда.

Андан тышкары, ММК фондунун 2020-жылга карата чыгашалары келип түшүүсү болжолдонгон каражаттардын чегинде 15 млрд 745 млн сом, 190 млн сом көлөмүндө камсыздандыруу запасын эске алуу менен болжолдонууда.

Белгилей кетсек, ММК фондунун долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуу Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин демилгеси жана БУУӨП менен Швейцария кызматташтык башкармалыгынын “Жарандардын жигердүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия” долбоорунун көмөгү менен уюштурулду.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1429

Окшош жаңылыктар