«Республика – Ата Журт» парламенттик фракциясы өлкөдөгү коррупциянын азыркы абалына өз баасын берди

15-11-2019 13:34

Жогорку Кеңештин «Республика – Ата Журт» фракциясынын кезектеги жыйынында Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөштүн азыркы абалы каралды. Жыйынга вице-премьер-министр баш болгон тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып, депутаттарга мамлекеттин антикоррупциялык саясатынын артыкчылыктуу багыттары, коррупция менен күрөшүү жаатында көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө учкай маалымат беришти.

Депутат Нурбек Тотонов азыркы учурда мамлекеттик кызмат калк турмушун жакшыртуунун камын көргөн орган болбой эле, мыйзамсыз киреше табуунун булагына айланып калганын белгиледи. «Өткөндөгү аткаминерлердин 80 тонна контрабандалык өрдөк этин ээсине кайтарып берүү аракети эле мунун анык мисалы. Мындай кызмат абалынан пайдалануу жосундары Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан аракеттерди жокко чыгарып, бүтүндөй мамлекеттик бийлик институтунун дарегине көө жабат, калктын ага карата ишенимине доо кетирет», - деди ал.

Депутат Таабалды Тиллаев Өкмөттү салык жол-жоболоштуруу жүрүмүнө тезинен электрондук фискалдаштыруу ыкмаларын киргизүүгө, кирешелер менен мүлктөрдү легалдаштыруу документтерди иштеп чыгууга чакырып, мындай кечиктирилгис чаралар экономикалык ишмердүүлүктүн ачык-айкындуулугун камсыз кылрын, мамлекет менен салык төлөөчүлөрдүн өз ара мамилелерин либералдаштыра турганын айтты.

Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдин Шаршеев азыркы учурда «капиталдык легалдаштыруу» жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыгып, министрликтер жана мекемелер менен макулдашылып жатканын билдирди. Анын пикиринде, жалпы кирешелерди декларациялоо өнөктөштүгүнүн алгачкы гана этабы болуп саналат.

Ал эми депутат Сагындык Келдибеков контабандалык товарларга каршы кандай иштиктүү чаралар көрүлүп жатканына кызыкты. Баяндамачынын айтымында, ушу тапта бажы өткөрмө жайларында атайын автоматташтырылган жабдуулар орнотулган, ушул жылы мындай укук бузуу жосундары боюнча 137 кылмыш иши козголуп, азыр тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Депутат Умбеталы Кыдыралиев өлкө экономикасында орун алган көмүскө экономиканын деңгээлинин жогору бойдон калып жатканына кейиди. «Көмүскө экономиканын расмий көрсөткүчү – 24 пайыз, ал эми эл аралык институттар анын 65 пайызга чейин чыгып кеткенин айтат. Демек, бул көмүскө экономиканын жалпы жүгүртүм көлөмү 3,5 млрд доллардын тегерегинде деген сөз. Эгерде Өкмөт натыйжалуу чараларды көрсө, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 163 млрд сомду эмес, 250-300 млрд сомго жетмек», - деди ал.

Фракция башчысы Жыргалбек Турускулов баяндамачылардын начар даярданып келгенине наарызы болду. «Өкмөттүн антикоррупциялык саясатты жүргүзүү, анын артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, мамлекеттик башкаруу тутумундагы коррупциялык схемаларды табуу жана жоюу, коррупцияга ралашкан кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу чаралары боюнча так позициясы болушу керек», - деген жыйынтык пикирин билдирди.

Жыйынтыгында фракция мүчөлөрү Өкмөткө туташ коррупциялык жосундарга каршы туруу чараларын өз деңгээлинде жүргүзө албаган кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо, Каржы министрлигиндеги антикоррупциялык эсептин толтуруу жана чыгымдоо булактарынын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу сунушталды.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1558

Окшош жаңылыктар