Соцфонддун 2020-жылдагы бюджет долбоору кирешелер боюнча 57 млрд 796 млн сом көлөмүндө түзүлүүдө

15-11-2019 15:17

Жогорку Кеңеште «КР Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуу өтүп жатат. Иш-чарага депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийликтин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышууда.

Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы Эмил Токтошев Соцфонддун бюджети мамлекеттик бюджет тутумунун бир бөлүгү болуп санала турганын эске салып, анын кыска жана орто мөөнөттөгү долбоолору көптөгөн жарандар үчүн өтө чоң мааниге ээ экенин, ошондон улам коомчулук арасында кыйла кызыгуу туудура турганын баса белгилөө менен, коомдук угуунун катышуучуларын талкуу жүрүшүнө жигердүү катышып берүүгө чакырды.

Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин айтымында, фонддун 2020-жылдагы бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 57 млрд 796 млн сом жана 2021-2022-жылдарга 60 млрд 271 млн сом жана 65 млрд 98 млн сом көлөмүндө түзүлдү. “2020-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү эмгек акы төлөө фондунан 27,25 пайыз камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ченинен улам аныкталды”, - деди ал.

Андан тышкары, 2020-жылга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 35 млрд 727 млн сом өлчөмүндө түшүшү пландалганы, республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын түшүшү 21 млрд 911 млн сом өлчөмүндө каралганы, дагы башка булактардын эсебинен түшкөн башка кирешелер 156 млн сом өлчөмүндө болжолдонгону белгилүү болду.

Ал эми 2020-жылга Соцфонддун чыгымдары 57 млрд 8 млн сом, 2021-2022-жылдарга 60 млрд 676 млн сом жана 64 млрд 324 млн сом суммасында пландалууда. 2020-жылы пенсияларды жогорулатууга 829 млн сом көлөмүндө каражат каралды. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 2 млрд 569 млн сом багыттоо пландалууда.

2020-жылы Соцфонддун бюджеттин профицити 787 млн сом өлчөмүндө белгиленди.

Белгилей кетсек, ММК фондунун долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуу Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин демилгеси жана БУУӨП менен Швейцария кызматташтык башкармалыгынын “Жарандардын жигердүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия” долбоорунун көмөгү менен уюштурулду.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1652

Окшош жаңылыктар