Төрага Дастанбек Жумабеков Талас облусундагы иш сапарынын алкагында жаңы ачылган  өндүрүштүк ишканалар менен таанышууда

02-12-2019 16:29

Бүгүн, 2-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Талас облусунда иш сапары менен жүрөт.

Сапардын алкагында Төрага Дастанбек Жумабеков Манас районунун Кайыңды айыл аймагына караштуу Нылды айылында жайгашкан Өмүрзак Израилов атындагы 150 орундуу мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салды. Катар мамлекетинин колдоосу менен курула турган аталган мектеп имараты 2020-жылдын күз айларында ишке берилип, анын курулушуна 10 млн сом акча каражаты жумшалат.

Капсула салуу аземинде сөз сүйлөгөн Төрага Дастанбек Жумабеков аймактарды өнүктүрүү өнөктүгүнүн алкагында заманбап мектеп, оорукана имараттарын куруу иштери жигердүү жүргүзүлүп жатканын белгилеп, курулушу башталган окуу мекемеси Нылды айылынын билим берүү тармагынын өнүгүшүнө жасалган чоң салым экенин кошумчалады.

Андан соң Төрага Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айыл аймагында жайгашкан кант заводунун ачылыш аземине катышты. Көп жылдар мурун кант завод ачуу мерчемделип, бирок алынган жабдуулары иштетилбей, токтоп турган ишкананы кайра калыбына келтирүү үчүн 10 млн сом сарпталган. Азыркы тапта жылына 7 миң тонна шекер чыгаруу кубаттуулугуна ээ заводдо 60 жумушчу эмгектенет.

Бул завод облустун эле эмес, өлкөнүн да өнүгүүсү үчүн мааниси жогору экенин айткан Дастанбек Жумабеков, аймактардагы өндүрүштү алдыга жылдыруу аркылуу бир катар социалдык маселелерди чечүүгө болоруна токтолду. Айрыкча, жергиликтүү дыйкандар үчүн чоң колдоо экенин кошумчалаган Төрага заводдун ишине ийгиликтерди каалады.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 996

Окшош жаңылыктар