ЖАҢЫЛЫКТАР 04.12.19.

04-12-2019 08:34

Бүгүн, 4 – декабрдагы олтурумунда Жогорку Кеңеш декабрь айындагы календарлык иш планын бекитет. “Тышкы миграция жөнүндөгү” мыйздамдын өзгөртүүлөрү үчүнчү окууда каралат. “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндөгү” мыйзам долбоору болсо экинчи окууда талкууланмакчы. “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини керектөөнүн кесепетинен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн (аэрозолдун) таасиринен коргоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда талданганы турат.

Буга чейин мындай маселе Социалдык маселелер боюнча комитетинде каралып, жактырылган. Талкууда депутат Таабалды Тиллаев бардык коомдук жайларда, мекемелерде тамеки тартууга тыюу салуу керектигин айтты. “Бул  сунушталып жаткан мыйзамдын максаты - жарандардын ден соолугуна кам көрүү. Сурамжылоо жүргүзүлгөндө, жаш кыздардын насвайга берилгени жылдан жылга күчөп баратканы тынчсыздандырат”, - дейт эл өкүлү.

                               СНХ.Т.ТИЛЛАЕВ

Коңшу эле Казакстанды алып көрө турган болсок, ал жерде тамеки тартуу тартиби атайын жайларда гана болбосо, дээрлик көчөдө чылым чеккендер болбойт. Себеби, аларга каралган айыппул төлөө чарасы бар. Мындай мисалдарга депутат Тазабек Икрамов токтолду.

                              СНХ.Т.ИКРАМОВ

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн биринчи окууда карады.

                    СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

Бузуулар жөнүндөгү кодекске сунушталып жаткан өзгөртүүлөр боюнча кыргыздын улуттук баш кийимин мазактаган жеке жактарга 1 миӊ сом, юридикалык жактарга 5 миӊ сом айыппул салуу жагы каралууда. Бул маселени талдаган тармактык комитут “Улуттук баш кийим Ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Демилгечи депутат Экмат Бакбакпаевдин айтымында,  мыйзам долбоорунун башкы максаты ак калпакты өлкөнүн маданий символу катары пайдаланууга шарт түзүү болуп саналат.

                             СНХ. Э.БАЙБАКБАЕВ

Депутат Алмазбек Токторов арабызда кыргыздын ак калпагын итке кийгизип мазактаган адамдардын жоопкерчилигин кароону колдоорун билдирди.

                             СНХ.А.ТОКТОРОВ  

Бүгүн, 4 – декабрь Манас күнүнө арналып Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө “Залкар манасчы” далил тасмасынын бет ачаары болот. Кезегинде “Манас” эпосун, сактап өнүктүрүүгө арналган мыйзам долбоору иштелип чыккан. Бүгүн бул теманын алкагында депутат Каныбек Иманалиев менен манасчы Дөөлөт Сыдыков “Парламент” радиосуна ой бөлүшүшмөкчү.

                       АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 4 - декабрда кар жаабайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 – 6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй+9...+14, Талас:+8...+13, Ош, Жалал – Абад, Баткен:+11...+16, Ысык – Көл: 0...+5 градус жылыйт. Нарын: -3...+2 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 4 – декабрда кар жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет.  Абанын температурасы +11...+13 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 63

Окшош жаңылыктар