ЖАҢЫЛЫКТАР 05.12.19.

05-12-2019 08:46

Бүгүн, 5 – декабрдагы олтурумун Жогорку Кеңеш “Ар кандай маселелер” саатынан баштайт. Ошондой эле бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлорун талкуулайт.

“Насыялык маалымат алмашуу жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталууда. Андагы маалыматтар позитивдүү жана негативдүү экендиги такталып, бөлүнүп турууга тийиш. Ошол эле насыялык бюронун маалыматтар базасында негативдүү насыялык маалыматтын сакталуу мөөнөтүн 7 жылдан 5 жылга чейин кыскартуу каралууда. Депутат Дастан Бекешевдин пикири:

                    СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

Депутат Исхак Масалиев, - “Насыя алуучулардын кара тизмедегилери менен кызматташуу улантылабы, же жокпу? – бул суроо банктардын жеке иши болушу керек”, - деп эсептейт.

                   СНХ.И.МАСАЛИЕВ

Россиядагы башка улуттун өкүлдөрү кыргыз паспортторун жарнамалап сатып жүргөндүгүн айткан депутат Аида Касымалиева парламенттин кечээки жыйынында бул көйгөй качан токтоорун тиешелүү тааптардан сурады.

                  СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВА

Кара тизмеге киргендердин бардыгы эле тартип бузуулардын айынан эмес. Айрымдарынын өздүк документтериндеги так эмес маалыматтар буга негиз болуп калууда, - дейт депутат Рада Туманбаева.

                 СНХ.Р.ТУМАНБАЕВА

               АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 5 - декабрда кар жаабайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 – 6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал – Абад, Баткен:+11...+16, Ысык – Көл: +4...+9 градус жылыйт. Нарын: 0...-5 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 5 – декабрда кар жаабайт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 – 6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +14...+16 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 169

Окшош жаңылыктар