2019-жылдын 5-декабрында Жогорку Кеӊеш жыйынында добуш берилген мыйзам долбоорлору

05-12-2019 16:37

Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеӊештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору 1, 2, 3- окууларда кабыл алынды.

КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМДАР:

- “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 18.09.18деги № 432 токтом);

- “2019-жылдын 17-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы “Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо” долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы “Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 23.10.19дагы № 570 токтом).

2-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.09.19дагы № 509 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Турускулов Ж.К., Турусбеков Б.С.);

- “Суу биологиялык ресурстарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Жазык кодексине, Жоруктар жөнүндө кодекске, Бузуулар жөнүндө кодекске, Жазык-процесстик кодексине)” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Турускулов Ж.К., Турусбеков Б.С.).

1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 22.10.19дагы № 564 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини керектөөнүн кесепетинен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн (аэрозолдун) таасиринен коргоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Токторов А.С., Алтыбаева А.Т., Алимбеков Н.К., Тиллаев Т.Г., Турускулов Ж.К., Торокулов Д.Г., Керезбеков К.К., Орозова К.Б., Мавлянова М.Э., Никитенко Н.В., Строкова Е.Г.);

- “2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө 2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 16.10.19дагы № 551 токтом);

- 2017-жылдын 25-сентябрында Люксембург шаарында кол коюлган “Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну жана 2017-жылдын 18-сентябрында Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган “Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) ортосундагы Каржылоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралууМыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 11.06.18деги № 280 токтом);

- Бишкек шаарында 2019-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кербен шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2019-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кербен шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.11.19дагы № 603 токтом);

- Бишкек шаарында 2019-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Исфана шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2019-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Исфана шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо” долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.11.19дагы № 604 токтом);

- Бишкек шаарында 2019-жылдын 10-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондусунун ортосундагы “Айыл жерлерин суу менен камсыз кылуу жана санитария системасын өнүктүрүү” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндөМыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 15.11.19дагы № 607 токтом).

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1617

Окшош жаңылыктар