ЖАҢЫЛЫКТАР 06.12.19.

06-12-2019 08:47

Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилинен өткөрүүнү ишке ашыруу жөнүндөгү маселе “Республика – Ата - Журт” фракциясынын бүгүнкү, 6 – декабрдагы жыйынында каралат. Эл өкүлдөрүнүн суроолоруна КР биринчи вице – премьер – министри Кубатбек Боронов жооп бермекчи.

Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин ишмердүүлүгү жана таза суу менен жабдууга, канализация тутумдарын реабилитациялоого, суу менен камсыз кылууга, санитарияны жакшыртууга алынган кредиттер жана гранттар жөнүндөгү маселеге “Кыргызстан” фракциясы бүгүнкү, 6 – декабрдагы жыйнынында көңүл бурат.

“Ата Мекен” парламенттик фракциясы болсо бүгүн, 6 – декабрда Ош шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Күн тартибинде  “Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарындагы бак - дарактарды коргоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору каралат. Ошондой эле Ош шаарындагы сот аткаруучулар кызматынын ишмердүүлүгүнө талдоо жүргүзүлмөкчү.

“Азаттык” радиосу даярдаган журналисттик иликтөөгө токтолгон депутат Максат Сабиров, - “Бул жөн маселе эмес, бул мамлекеттик коопсуздук. Баарын акыйкат териштирип чыгуу керек. Айтылып жаткандарга реакция кылуу зарыл. Маселени палатада талкуулайлы”, - дейт.

                          СНХ.М.САБИРОВ  

“Кумтөр” кенин иштеткен аймакта кен казуудан чыккан топурак-таш ташындылары көчүп, 2 жаран белгисиз бойдон калып, табылбай жаткан окуяга кайрылган депутат Улан Примов, - “Кен казуудан чыккан ташындылардын экологияга канчалык таасири бар?”, - деген суроолорду койду.

                         СНХ.У.ПРИМОВ

Үрөйдү учурган маалыматтарды атаган депутат Сагындык Келдибаев, - “Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясы менен ооруган кишилердин эсеби 480ге чукулдаптыр. Ошондуктан, аэробекеттерде, темир жол бекеттеринде, чек аралардагы өткөрүү жайларында атайын лабораторияларды ачып, өлкө аймагына кирген адамдардын ВИЧ-инфекция дартына чалдыккан-чалдыкпаганын текшерип, абалды көзөмөлгө алышыбыз керек”, - дейт.  

                        СНХ.С.КЕЛДИБАЕВ

“Дүйнө 4 - өндүрүштүк революцияга багыт алды. Ага өнүккөн өлкөлөрдө учуучу автоунаалардын, жумушчу орундарын кыскартуучу роботтордун,  болоттон курч графень жаӊы материалы ойлонуп табылып жаткандыгы мисал”, - дейт депутат Бакыт Төрөбаев. Эми биз ушул агымга кошула алабызбы? – деген суроого жооп күттү эл өкүлү.

                       СНХ.Б.ТӨРӨБАЕВ  

Адамдын адеби менен билими дайыма теңделип турбаса, коомго коркунуч жаралат, - деген депутат Махабат Мавлянова, - “Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, тийиштүү мекемелер балдарга тарбия, адепти үйрөтүү үчүн милдеттүү программа иштеп чыгуусу шарт. Бул маселени өкмөт карашы керек", - дейт.

                    СНХ.М.МАВЛЯНОВА
                  АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 6 - декабрда Чүй, Талас, областтарынын көпчүлүк аймактарында кар, Жалал-Абад областынын көпчүлүк райондорунда жаан, Ош, Баткен областтарынын кээ бир жерлеринде жаан жаайт. Ысык-Көл, Нарын областтарынын кээ бир райондорунда маал-маалы менен кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, Ысык – Көл, Нарын областтарынын айрым райондорунда 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:+3...+8, Ош, Жалал – Абад:+11...+16, Баткен:+7...+12, Ысык – Көл: +2...+7 градус жылыйт. Нарын: -1...-6 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 6 – декабрда кар аралаш жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +6...+8 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 55

Окшош жаңылыктар