Депутаттар Т.Масабиров менен Н.Тотонов Жапониянын Патент жана конструктордук экспертиза башкармалыгынын башкы директору Т.Танияма менен жолугушту

06-12-2019 17:25

Бүгүн, 6-декабрда депутаттар Таалайбек Масабиров менен Нурбек Тотонов Жапониянын Патент жана конструктордук экспертиза башкармалыгынын башкы директору Тосио Танияма менен жолугушту.

Жолугушууда депутат Таалайбек Масабиров жапон элин Жапония императору Нарухитонун интронизация аземинин өткөрүлүшү жана «Рейва» жаӊы доорунун башталышы менен куттуктады. Ошондой эле Кыргызстан Жапония менен кызматташууну жигердүү өнүктүрүү маселесине өзгөчө маани берерин белгиледи. «Кыргызстан Жапония менен эки жактуу да, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында да ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар. Бизде парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында достук байланыштар түзүлгөндүгүн да белгилей кетүү зарыл»,- дейт Т.Масабиров.

Өз кезегинде Жапониянын Патент жана конструктордук экспертиза башкармалыгынын башкы директору Тосио Танияма жылуу кабыл алууга жана куттуктоого ыраазычылыгын билдирип, 2020-жылы Интеллектуалдык менчиктин дүйнөлүк уюмунун башкы директорун шайлоо күтүлүп жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, Жапония аталган уюмга Кенитиро Нацуменин талапкерлигин сунуштоодо.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде интеллектуалдык менчикти коргоо чөйрөсүндөгү өз ара карым-катнашты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 1933