Депутат А.Исмаилова: - " Автотранспорт каражаттарынын ээлери, айдоочулары үчүн – милдеттүү камсыздандыруу милдетти ЕАЭБ талаптарына ылайык келип чыккан"

11-12-2019 17:05

Эгер кырсык болуп сыртта жүргөн жарандарыбыз жол кырсыктарына кабылган учурда алардын унааларынын камсыздалышы кандай болот? – деген суроого депутат Аида Исмаилова жооп талап кылып өкмөт өкүлдөрүнө кайрылгандыгын айтып бүгүн, 11 – декабрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду.

Анткени, бүгүн парламент “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн 3 – окууда кабыл алды. Анда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган автотранспорт каражаттарынын ээлери жана (же) айдоочулары үчүн – 2021-жылдын 1-январынан тартып милдеттүү камсыздандыруу боюнча милдетти аткарбаганы үчүн жоопкерчилик белгилене баштайт, - деп көрсөтүлгөн.

«Маселени талкуулоо учурунда мамлекеттин чегинен сыркары жерде болгон жол кырсыктарынын кесепеттери кантип жоюлаарын тактадым. Өкмөт өкүлдөрү бул багытта дагы эле макулдашуулар жүрүп жаткандыгын түшүндүрүштү. Бирок, аныгына келгенде, автотранспорт каражаттарынын ээлери менен айдоочулары үчүн – милдеттүү камсыздандыруу милдетти ЕАЭБ талаптарына ылайык келип чыккан. Анан эмнеге? -  дагы деле сүйлөшүүлөрдүн акырына чекит коюлбай жаткандыгына таңгалам”, - деди депутат А.Исмаилова.

Ошондой эле эл өкүлү өз унаасын убагында камсыздандыруу жагынан кеч калбастыгын да белгилей кетти.

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 404

Окшош жаңылыктар