Өкмөт баарына ташуучуларга камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча бирдей эрежени бекитүү милдетин өзүнө алууда

16-12-2019 12:33

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети «Ташуучулардын жарандык жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Демилгечи – Өкмөт.

Финкөзөмөл кызматынын башчысынын орун басары Мыктыбек Абиров сунушталган мыйзам долбоору Ташуучулардын жарандык жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу жүрүмүн кайра ыраатташтырууга багытталганын билдирди. «Буга чейин камсыздандыруу компаниялары өздөрү бекиткен эрежелер менен иштеп келген. Ошондон улам, Өкмөт баарына бирдей эрежени бекитүү милдетин өзүнө алып жатат. Бирдиктүү эреже бекитилген соң, Финкөзөмөл кызматы мыйзамга камсыздандыруу компаниялары үчүн келишим түзүүдөн баштарта албайгыдай ченем киргизет», - деди ал.

Депутат Сайдулла Нышанов кооптуу жүктөр менен жүргүнчүлөрдү ташуучу унааларга кандай шарттар коюла турганына кызыкты. Финкөзөмөл кызматынын өкүлү алар лицензия менен иштей турганын эске салып, жүрүгүнчүлөрдү ташыгандар камсыздандыруусу болгондо гана Транспорт министрлигинен лицензия аларын, ал эми күйүүчү май ташыгандар ИИМден белгилүү бир каттамдар боюнча атайын урусат алышарын билдирди.

Ал эми Жол коопсуздугу башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов эгер сунушталган мыйзам долбоору кабыл алынып калса, камсыздандыруусу жок кооптуу жүк ташуучуларга уруксат берилбей туганын кошумчалады.

Депутат ташуучулардын камсыздандыруу төгүмдөрү 20-30 миң сомдон ашпоосу керек экенин айтты. «Эгерде мыйзамга мындай ченемди киргизип, ташуучулардын маданиятын көтөрсөк, алар акырындан төлөй баштайт», - деди Сайдулла Нышанов.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 456

Окшош жаңылыктар