Бир катар мамлекеттик жана социалдык мекемелердин кызматкерлери Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланышты

23-12-2019 17:27

Бүгүн, 23-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков бир катар мамлекеттик жана социалдык мекемелердин кызматкерлерине Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын жана энчилүү саатын тапшырды.

Аземде куттуктоо сөзүн сүйлөгөн Төрага Дастанбек Жумабеков экономика, маданият, илим, медицина тармактарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу институттарынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн сыйлык ээлерине ыраазычылык билдирди.

“Өз тармактарыңыздарда ийгиликтерди жаратуу менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө өзгөчө салым кошуп келесиздер. Биз сиздердин жигердүү ишмердүүлүгүңүздөргө жана талыкпаган эмгегиңиздерге таазим этебиз. Мындан ары да зор аракет менен жаңы бийиктиктерди багынта берериңиздерге ишенебиз. Ал эми Жогорку Кеңеш экономика, ишкерчилик, илим, маданият, медицина тармактарынын жана өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жакшыртууга багытталган мыйзам долбоорлорун кабыл алып, колдой берет”, – деп белгиледи Төрага Дастанбек Жумабеков.

Ошондой эле парламенттик-демократиялык өнүгүү жолун тандап алган өлкөбүздөгү акыркы жетишкендиктерге токтолгон Төрага, журт бүтүндүгү ынтымак менен биримдикке көз каранды экендигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын алгандардын катарында Абдраимов Алымбек, Абдыраманов Нурмырза, Адылбеков Майрамбек, Акматбеков Кубандык, Аманбеков Авазбек, Апсаматов Абдумалик, Асанкулов Кубанычбек, Асканова Нуркамал, Аскарова Токтокан, Атакулова Мерим, Байрамкулова Фатима, Байсынов Турсунбек, Бекиева Гульмира, Беккожоева Мээрим, Бекмурзаева Хайринса, Беспалова Елена, Болотбеков Жумабек, Буванова Маликехан, Буланбеков Кылычбек, Дарманкул уулу Бакыт, Джекшембаев Нурлан, Джумагулова Кокул, Дуйшенкулов Болотбек, Дыйканова Эркингүль, Ефремова Наталья, Жакыпбеков Канымет, Жолболдуев Абдышукур, Жумагулов Алманбет, Жумаев Матазим, Жумашова Назгуль, Зикиров Максатбек, Зулуев Бекмурза, Ибраимова Айгуль, Имеров Туратбек, Исаев Айбек, Исаева Динара, Исакова Чынаркул, Исманова Канышай, Исраилов Камчыбек, Кадырова Алтынай, Калмакиев Каныбек, Касымбеков Талантбек, Качигулова Валентина, Кедейбаева Жамал, Кенжаев Идирисбек, Керимбаева Базаркул, Керимкулов Улугбек, Кривопалова Светлана, Кусейин уулу Максат, Ливаза Разия, Лобанченко Ольга, Медетбекова Мира, Молдоканова Ракия, Молдоярова Дамира, Николаева Ольга, Нурматова Кыйматкан, Нышанбаев Жамшитбек, Омуралиева Эльмира, Орунова Жамила, Осмоналиев Темирбек, Осмонова Гулбу, Сейдалиев Мурадин, Сельпиев Тойчубек, Содомбаев Жумаш, Суеркулов Манас, Сулайманова Ыргол, Сыдыков Таварик, Тайлаков Айткул, Ташиев Шаирбек, Толубаев Замирбек, Чобиева Жаңылбүбү, Чынгышбаев Муктарбек, Шакирова Гульмира, Шоонаева Нургуль, Ырысов Кенешбек, Эмилбек Уулу Талантбек бар.

Ал эми Абиров Жаныбек, Алайчиев Бактыбек, Беделбек кызы Вера, Жусупов Мусулманкул, Иманкожоев Бекбача, Койчуманова Жибек, Саралаев Айбек, Турдубаев Муратбек, Турсуматова Майрам энчилүү саат менен сыйланышты.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2020

Окшош жаңылыктар