Азия өнүктүрүү банкы "Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбооруна 100 млн доллар көлөмүндө каражат бөлөт

26-12-2019 12:18

Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасы жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда (“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору) насыялык жана гранттык макулдашуулардын долбоорлору боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Өкмөттүн маалыматына караганда, Азия өнүктүрүү банкы “Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоорун ишке ашырууга 100 млн доллар көлөмүндө каражат бөлөт, анын ичинде жеңилдетилген насыя – 60 млн доллар, гранттык каражат – 40 млн доллар. Насыя 1, 5 үстөк пайызы менен 32 жылдык мөөнөткө берилүүдө.

Ал эми долбоорду 45 млн доллар өлчөмүндөгү кошо каржылоо керектөөсүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун насыя каражаттарын тартуу жолу менен камсыздоо пландалууда. КР Өкмөтү тарабынан долбоордун алкагында тыштан келе турган жабдууларды жана кызматтарды салыктардан жана жыйымдардан бошотуу түрүндө 15 млн доллар өлчөмүндөгү кошо каржылоо болжолдонууда. Ошентип, долбоордун жалпы наркы – 160 млн доллар.

Өнөр жай жана энергетика комитетинин өкүлү бул каражатка Үч-Коргон ГЭС толугу менен кайра курулуп, 35-40 жыл аралыгында 216 МВт көлөмүндө электр энергиясын өндүрө алат. «Бул каражат мурда Токтогул ГЭСин реконструкциялоого алынган насыядан үнөмдөлүп калган. Азыр ал Үч-Коргон ГЭСин оңдоого жумшалууда. Ошондон улам, ал каражат «Электр станциялары» компаниясына ренасыяланууда», - Айтмамат Кадырбаев.

Белгилей кетсек, Үч-Коргон ГЭСи – Нарын гидроэлектрстанциялар каскадынын алгачкысы – 1961-жылы пайдаланууга берилген. Анын кубаттуулугу – 180 МВт. Электр энергиясын орточо жылдык иштеп чыгаруусу – 1 млрд 20 млн кВт/саат. Өткөн 57 жылда негизги курулмалар менен жабдуулар толугу менен эскирди. Ошондон улам, ГЭС модернизациялоого муктаж. Анын алкагында негизги курулмаларды калыбына келтирүү, гидромеханикалык жана электротехникалык жабдууларды, ошондой эле көмөкчү жабдуулардын бөлүгүн  калыбына келтирүү зарыл.

Жогорку Кеңештин Төрагасы баштаган бир катар депутаттар Токтогул ГЭСин реконструкциялоого анча насыя каражаттын кандай негизде алынганына, эмне себептен жүз миллиондогон каражат ашып калганына, эсеп-кысап кимдер тарабынан жүргүзүлгөнүнө кызыгышты.

“Албетте, бизге электр энергиясы керек, бирок карыздарды төлөп берүү жагын да ойлош керек. Токтогул ГЭСин реконструкциялоого 172 млн доллар жумшалса, анда 415 млн доллар кайдан чыкты? Алынган каражаттын мынчалык ашып калуусу өтө шектүү, бул жерде Бишкек ЖЭБин реконструкция жасайбыз дегендей коррупциялык жосундар орун алган эмеспи?”, - деген собол салды Дастанбек Жумабеков.

Өнөр жай жана энергетика комитетинин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев менен Улуттук энергохолдинг компаниясынын башчысы Айтмамат Назаров Токтогул ГЭСин реконструкциялоого алынган насыя каражаттын ашып калуу себептерин дагы дыкат иликтеп чыгып, депутаттарга жазуу жүзүндө толук жооп берүүгө убада беришти.

Андан тышкары, Үч-Коргон ГЭСи оңдолсо, 2013-жылдан тарта трансулуттук “CASA-1000” долбооруна жылына 1,5 млрд кВт/саат эектр кубатын берип турууга мүмкүнчүлүк түзүлө турганы белгилүү болду.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1123

Окшош жаңылыктар