Жарандардын ден соолугун тамекинин кесепетинен коргоо жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу болуп өттү

27-12-2019 16:00

Бүгүн, 27- декабрда жарандардын ден соолугун тамекини керектөөнүн кесепетинен коргоо жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу болуп өттү. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш депутаттарынын тобу тарабынан даярдалган. Демилгечилердин атынан баяндама жасаган эл өкүлү Айнуру Алтыбаеванын айтымында, сунушталып жаткан мыйзам долбоору 5 главадан 24 беренеден турат. 

Мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жаткан соң, баардык сунуш – пикирлер эске алынды. Өкмөт да мыйзам долбоорунун концепциясына оң корутундусун берген. 

Мисалы, мыйзам долбоорунда аэропортто атайын чылым чегүүчү жай негизги имараттан тышкары жерде болушу керектиги белгилеген.

Бажы биримдигиндигинин талаптары да эске алынат, - дейт демилгечи депутат. Ошондой эле ал, - “Мамлекет тамеки продукцияларынын акциз салыктарынан 5 млрд.  ашык сом  тапканы менен,  ошол чылым чегүүнүн кесепетинен жаралган ооруларды дарылоого бюджет кайра дээрлик 2 эсеге жакын, же тактай келгенде 11 млрд. сом бөлүп берүүдө. Мындай парадокстун эмне кереги бар? Тараза табагын салмактап көрөлүчү? Ошондуктан, фискалдык саясатты кайра карап чыгуу керек”, - дейт.

Учурда ушундай жарандардын ден соолугун тамекини керектөөнүн кесепетинен коргоого арналган мыйзам дүйнөнүн 181 мамлекетинде натыйжалуу иштеп жатат. Бул Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тастыктамасы, - дейт өз сөзүндө депутат Айнуру Алтыбаева. 

Талкууда депутат Кожобек Рыспаев, - “Мектептен 100 метр аралыкта турган майда соода түйүндөрүндө тамеки сатылбашы керек”, - дейт.

Ал эми парламенттик угууга катышкан дарыгерлердин тобу чылым чегүүдөн пайда болгон оорулардын диагностикасы менен дарылоосуна эле 40 млрд сомдой каражат кетет. Бул сыркоолуулардын эле чөнтөгүнө келген оорчулук. Бюджет мындай сумманы көтөрө албай жатат, - дешти. 

Парламенттик угуунун жыйынтыгында КР ЖК депутаттарынан, юстиция, каржы, айыл чарба, билим берүү, саламаттык сактоо, экономика, өзгөчө кырдаалдар, маданият министрликтеринен, салык кызматынан жана ишкерлер чөйрөсүнөн сунушталган өкүлдөрдөн турган жумушчу топ түзүлүп, аталган мыйзам долбоорун кылдат талдап чыгышмак болду. Анын бир ай ичинде жүргүзгөн иш жыйынтыгы тармактык комитеттин кароосуна чыгарылат.

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 3491

Окшош жаңылыктар