Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Өзгөндөгү авариялык абалдагы мектептен кабар алышты

09-01-2020 12:42

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева депутат Сагындык Келдибаев менен бирге аймактагы шайлоочулар менен жолугушууда.

Эл өкүлдөрү Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Сеңир айылындагы Полот Жолдошев атындагы орто мектебинин авариялык корпусунан кабар алды. Жергиликтүү тургундардын айтымына караганда, мектеп имараты ашар жолу менен салынган. Эч кандай техникалык коопсуздукка жооп бербейт. Имараттын дубалдарынан жарака кетип, окуу жүргүзүүгө өтө кооптуу.

Мектептин бур корпусу жабылганына төрт жыл болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан окутууга мүмкүн эместиги боюнча корутунду чыгарылып, бул корпус жабылган. Башка арга жок болгондуктан, миңге жакын окуучу үч нөөмөттө, онго жакын класстык кабинеттерде кысылып окуп жатышат. Он классттык кабинет өтө эле аздык кылат. Жергиликтүү тургундар мектепте кабинеттер жоктугунан көп сабактар өтүлбөй калып жаткандыгын билдиришти.

Маселенин олуттуу көйгөйгө айлангандыгын белгилеген Жогорку Кеңештин вице-спикери мектептин жаңы имаратын куруу үчүн алгач тиешелүү документтерин даярдап, андан соң республикалык бюджеттин каражаты аркылуу курууга аракет кылуу керектигин билдирди. "Учурда өлкө боюнча авариялык абалдагы мектептерди инвентаризациялоо иштери жүрүп жатат. Бул мектепти дагы тез арада жаңы имарат куруу керек болгон мектептердин тизмесине кошуп, андан ары бюджеттен акча каражатын бөлдүрөбүз"-деди Аида Касымалиева.

Мындан сырткары, жергиликтүү тургундар пенсия, жөлөкпул алуудагы көйгөйлөр туурасында да кайрылып, жеке көзөмөлүнө алып берүүсүн суранышты.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1993

Окшош жаңылыктар