“Бак-дарактарды отургузуунун жалпы улуттук күнү” белгиленет

15-01-2020 15:41

Ар жыл сайын март айынын үчүнчү ишембисин “Бак - дарактарды отургузуунун жалпы улуттук күнү”, - деп жарыялоону демилгелеген Жогорку Кеңештин токтом долбоору парламенттин бүгүнкү, 15 – январдагы олтурумунда каралды. Документтин негизги максаттары тууралуу кеңири түшүндүрмө берип, демилгечи депутат Айнуру Алтыбаева ушул эле күнү “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду.

Демилгечи эл өкүлүнүн айтымында, шаарлар менен калктуу конуштардын аймактарын жашылдандырып, бак - дарак аянттарын көбөйтүү аркылуу экологиялык жана санитардык абалды жакшыртууга болот. 

Тал - теректерди отургузуунун салттуу күндөрү Казакстан, Россия, Япония, Кытай сыяктуу дагы башка бир катар мамлекеттерде туруктуу адатка айланып, алардын так даталары да белгилүү. Кала берсе, үй – бүлөлүк, массалык майрам катары да белгиленип жүрөт, - дейт парламентарий айым. Ошондой эле ал, - “Бизде адеп долбоор даярдалганда 15 – март деп аныкталган, андан кийин ишемби күнгө туура келсин, - деп элдин бошураак убактысына ылайыктадык”, - дейт.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 476

Окшош жаңылыктар