ЖАҢЫЛЫКТАР 23.01.20.

23-01-2020 08:28

Бүгүн, 23 - январдагы жыйынын Жогорку Кеңеш адаттагыдай эле “Ар кандай маселелер” сааты менен ачат. “Кыргыз Республикасынын “Үрөн жөнүндөгү”, “Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо тууралуу”, мыйзамдарга кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөрү каралат. “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөгү” мыйзамдын аткарылышы тууралуу маселеге катар ратификациялык мыйзам долбоорлору да талкууга чыгат.

Кытайдан  жайылып жаткан эпидемиянын эпкининен сактанбаса болбойт. Саламаттыкты сактоо министрлиги буга даярбы? – деген суроону депутат Бакыт Төрөбаев парламенттин кечээки олтурумунда көтөрдү.

                           СНХ.Б.ТӨРӨБАЕВ

Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын Өкмөттөрүнүн ортосундагы түзүлгөн макулдашууларга ылайык, бийик тоолуу биология жана медицина боюнча биргелешкен илим-изилдөө иштери илгерилетилет. Бул тууралуу маселеге Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет кайрылып,  Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаевдин маалыматын укту.  

                           СНХ.М.КАРАТАЕВ

«КР Судьяларынын статусу жөнүндөгү» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталууда. Аталган долбоорлор боюнча демилгечилердин бири депутат Тынчтык Шайназаров түшүндүрмө берди. Анда Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сынактык иргөө үчүн укуктук темалар менен суроолорду түзүп, жобону бекитүү боюнча ыйгарым укугун алып салуу жагы сунушталууда.

                            СНХ.Т.ШАЙНАЗАРОВ

Сотторду тандоо ишинде талапкерлерге даярдалган суроолордун түзүлүшү, бекитилиши кандай болот? Бул жаатта так жоопту депутат Аалы Карашев тиешелүү тараптардан талап кылды.

                            СНХ.А.КАРАШЕВ  

Соттордун катарын толуктоочу кандидаттар суроолорго колдон келишинче даярданышат. Бирок, талап өтө эле катуулана берсе, коррупциялык элементтерге эшик ачылбайбы? Болбосо, өкүм жаза албаган соттор кайдан чыгууда?  - дейт депутат Курманкул Зулушев.

                            СНХ.К.ЗУЛУШЕВ  

Бийик тоолуу райондордогу кычыраган кыштын күндөрү абанын температурасы 40 градус сууктан ашып жатса да, калк коопсуздугун камсыздаган жол экплуатациялоочу башкармалыктардын кызматкерлери кум, туз чачып жол бойлорунда жүрүшөт. Бирок, алардын алган айлыктары абалды оорлотпосо, жеңилдетпейт деле экен. Жолчулардын мындай көйгөйлөрүн депутат Алмазбек Баатырбеков көтөрүп чыкты.

                           СНХ.А.БААТЫРБЕКОВ

                          АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 23 – январда кар жаабайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, Ысык – Көлдүн акваториясында 15 – 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:-1...+4, Ысык – Көл: -3...+2 градуска чейин жылыйт. Талас:0...5, Баткен, Ош, Жалал-Абад: +1…+6 градус жылуу болот. Нарын: -8...-13 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 23 - январда кар жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +1...+3 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 58

Окшош жаңылыктар