ЖАҢЫЛЫКТАР 24.01.20.

24-01-2020 08:46

Бүгүн, 24 – январда “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору  боюнча коомдук угуу өтөт. Анда  “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөгү” мыйзамдарга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр талкууланат.

Дары өндүрүүдө атамекендик адистердин  абалы качан алдуу болот? Бул жагдайга депутат Улукбек Ормонов кайрылып, дарылардын сапатын аныктоочу лаборатория куруу зарылчылыгын белгиледи.  

                          СНХ.У.ОРМОНОВ

“Мамлекеттик - жеке өнөктөштүк жөнүндөгү” мыйзамдын алкагында орто бизнеске шарт түзүлүшү керек. Ошондо өлкөнүн экономикасын көтөрө алабыз,- дейт депутат Иса Өмүркулов.

                         СНХ.И.ӨМҮРКУЛОВ

Кыргызстандагы баалуу байлыктарыбыздын бири табигый кендерибиз. Ошончо мүмкүнчүлүк турса да жакырчылыкчылыкка жол берилип  жатканы жагымсыз жана кечиримсиз нерсе, - деген депутат Өмүрбек Бакиров мындай көйгөйлөрдөн арылуунун жолдорун лицензия берүүдөн баштасак, - деп сунуштады.

                         СНХ.Ө.БАКИРОВ  

Депутат Аалы Карашев Улуттук статистика комитети жарыялаган маалыматтардагы сандык көрсөткүчтөр боюнча дал келбестиктер байкалып жаткандыгын көрмөксөндүк жарабастыгын айтып, иш так болсо, эсеп да так болоорун белгиледи.

                        СНХ.А.КАРАШЕВ

                   АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 24 - январда Ош, Жалал-Абад областтарынын кээ бир, Чүй, Талас, Баткен, Нарын областтарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, Баткен, Нарын областтарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл областында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Абанын температурасы Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад:+4...+9, Талас: +3…+8, Ысык-Көл: +1...+6  градус жылуу болот.  Нарын: -6…-11 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 24-январда  жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +7…+9 градуска чейин жылыйт.

 

Көрүүлөрдүн саны : 68

Окшош жаңылыктар