5 млн сом кеткен имарат 5 жылдан бери иштетилбей жатканына ким жооп берет?

23-01-2020 14:14

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим юерүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 2019 – жылдын жыйынтыгы менен алганда 71 мыйзам долбоорун караса, алардын ичинен 7 мыйзамга мамлекет башчысы кол коюп, кабыл алынды. Бул тууралуу аталган тармактык комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова бүгүн, 23 – январда “Парламент” радиосуна курган маегинде билдирди.

Комитеттин дарегине  элден 2168 кайрылуу келип, аларга тиелешүү жооптор берилди.  Токтомдордун 8и кабыл алынып, комитеттин 30 жолу жыйыны өткөрүлдү, - деген Г.Молдобекова, - “Олтурумдардын экөөсү көчмө жыйын катары уюштурулуп, Ош жана Талас областтарында болду. Ошондой эле 2 парламенттик угуу өткөрүлдү”, - дейт.

Көчмө жыйындарда күбө болгон социалдык жайлардын арасында абалы арга түгөткөндөрү да бар. “Мисалы, салынгандыгына 74 жыл болгон Талас районунун Бекмолдо айыл аймагындагы Алымкул Жумагулов атындагы мектепке бир дагы капиталдык оңдоп – түзөө иштери жүргүзүлбөптүр. Ошол эле айылдагы 140 орунга эсептелген балдар бакчасына түрткү берчү гранттардын эсебинен 5 млн. 300 миң  сомдук ремонт жасалган. Бирок, аны Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кооптуу имарат, - деп тапкан соң  иштөөгө уруксаат берген эмес. Ошентип, 5 млн сом кеткен имарат 5 жылдан бери иштетилбей келет. Эми ортодо кеткен ысырап акча каражатын ким ордуна коёт? Бул чоң суроо!” - деди Г. Молдобекова.

Ошондой эле ажатканасы алыс турган төрөт жайлары менен жылуулугу жок мектептердин, терезеси тердеп, көк жыттаганган оорукана абалына токтолсок, Өкмөткө бере турган тапшырма да көп, талап дагы чоң, - деди тармактык комитеттин төрайымы.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1302

Окшош жаңылыктар