ЖАҢЫЛЫКТАР 27.01.20.

27-01-2020 09:10

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет бүгүн, 27 - январдагы жыйынында “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн экинчи окууда карайт. “Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларынын өзгөртүүлөрү да экинчи окууда талкууланат.“Китепкана иши жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн болсо Өкмөт демилгелеп алып келүүдө.

Соңку мезгилде маданият обьектилерин оңдоп-түзөөгө көңүл бурула баштаганы көңүл көтөрөт. Мындай иштерди Өкмөт дагы улантуусу керек, - деген депутат Дастан Бекешев, - эми улуттук китепкана кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу зарыл, - дейт. Андагы адистерге жана фонддогу баалуу китептерди туура сактоого шарттарды түзүү көйгөйлөрү жок эместигине токтолду.

                           СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

Депутат Жылдыз Мусабекова КР Өкмөтүн ыгы жок той-топурларды өткөрүүнүн ордуна райондордогу социалдык, инфратүзүмдүк көйгөйлөрдү чечүүгө маани берүүгө чакырды.

                           СНХ.Ж.МУСАБЕКОВА

Дарыгерлердин эмгек маянасы да  жогорулатууну талап кылат. Курулай убада эмес, далилдүү өзгөрүүлөр керек, - деген пикирин депутат Гүлшат Асылбаева ортого салды.

                           СНХ.Г.АСЫЛБАЕВА

Кытайда тараган короновирус дарты боюнча дүйнө жүзүндөгү мамлекеттер дүрбөлүңгө түшүп, аба майдандарынан текшерүүнү күчөтүп жатканда биздин Өкмөттүн аракети кандай болуп жаткандыгына кызыккан депутат Алмазбек Эргешов, - Кытайда окуп жаткан кыргыз студенттеринин абалына көңүл бурууга чакырды.

                           СНХ.А.ЭРГЕШОВ

“Баткендеги Кара-Жантак айылында делимитация иштери бүтүп, демаркация иштери калгандыгын, ага бөлүнгөн каражатты тезинен бөлүп, чек араны тор зым менен ыкчамдатып коруп берсек, эл коркпой - үркпөй мал жайып, оокатын кылат эле”, - дейт депутат Закир Шарапов.

                           СНХ.З.ШАРАПОВ

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 27 – январда Ысык-Көл, Нарын областтарынын кээ бир, Чүй, Ош, Жалал-Абад, областтарынын тоолуу райондорунда кар жаайт.  Жолдор тоңголок тартып,  тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Ысык – Көл:-1...+4, Талас:-3...+2 градуска чейин жылыйт. Баткен, Ош, Жалал-Абад: +1…+6 градус жылуу болот. Нарын: -6...-11 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 27 - январда түштөн кийин кыламык кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +1...+3 градус жылуу болот.

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 66

Окшош жаңылыктар