Мыйзамдардагы жарандык коргонууга байланыштуу атоолор менен түшүнүктөр өз ара шайкеш келдирилүүдө

11-02-2020 11:43

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети мыйзамдарды өз ара шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан “Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Коргоо иштери боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Нурсейит Кедеевдин айтымында, “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамы аркылуу тынчтык жана согуш мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдарда өлкө калкы менен аймагын жарандык коргонуу жаатында келип чыккан укуктук мамилелер жөнгө салат. Ал эми сунушталып жаткан мыйзам долбоору техникалык гана өзгөртүүлөр болуп саналат.

“Ошондон улам, мыйзамдардагы жарандык коргонуу, жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму, Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, жарандык коргонуунун башкаруу органдары, кыйроодон куткаруучу кызмат, кыйроодон куткаруучу кошуун деген атоолор менен түшүнүктөр өз ара шайкеш келтирилүүдө”, - деди баяндамачы.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 726

Окшош жаңылыктар