Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Республикалык бюджетти колдоо багытында ЭӨА тарабынан 24 млн доллар берилет

13-10-2016
14:16

Жогорку Кеӊеште мамлекеттик бюджетке колдоого көрсөтүүгө багытталган Бишкек шаарында 2016-жылдын 20-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Финансылык макулдашууну (Башкаруунун жана атаандаштыктын жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү жаатындагы саясатты колдоо максатында операциясы) ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

«Башкаруунун жана атаандаштыктын жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү жаатындагы саясатты колдоо максатында биринчи кадам» программасынын Эл аралык өнүктүрүү ассоциясиясы тарабынан 24 млн доллар берилет, анын ичинде 10,8 млн доллар гранттык жардам, ал эми 13,2 млн доллар жеӊилдетилген насыя каражаты болуп саналат.

Бул программанын насыялык бөлүгү ЭӨА мөөнөтү жана шарттары  менен берилип, аны төлөө, республикалык бюджеттин каражаттарынын жардамы келишиминин шарттарына ылайык ишке ашырылат.

Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, каражат толугу менен республикалык бюджетке түшөт, дагы башка кошумча чыгымдар каралган эмес.

КР ЖК Басма сөз кызматы