Депутаттар тобу жарандык абалды каттоо жаатындагы мыйзамдарды оптималдаштыруу демилгесин көтөрүүдө

13-02-2020 13:01

Жогорку Кеңеште жарандык абалдын актыларын каттоону оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорлору каралып, алардын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Исхак Пирматов менен Динара Исаева.

Депутат Исхак Пирматов акыркы жылдары Өкмөт тарабынан жарандык абалдын актылары чөйрөсүндө каттоо кызматын көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу, автоматташтыруу, сапатын жогорулатуу боюнча чоң иштер жүргүзүлгөнүн эске салып, ошого байланыштуу иштеп жаткан мыйзамды жаңылоо зарылдыгы келип чыкканын, мыйзамга 50 пайыздан ашуун оңдоолор киргизилгендиктен, аны мыйзамдын жаңы редакциясы катары сунуш кылыганын айтты.

“Маалыматтык технология тез өнүгүп жаткандыктан, автоматташтырылган маалыматтык тутумдарды колдонуу менен жарандык абалдын актыларын каттоо системасы дагы өнүгүүдө. Заманбап талаптар жарандардын жашоо-турмушунун айрым чөйрөлөрүн концептуалдык мыйзамдар менен регламенттештирүүнүн негизги фактору болуп саналат. Ал эми жарандык абалдын актыларын каттоо жоболору эрежелер жана нускамалар түрүндө чагылдырылууга тийиш”, - деди баяндамачы.

Андан тышкары, жогоруда аталган мыйзам долбоору менен бир пакетте “Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору да сунушталып жатканы белгилүү болду.

Мыйзам долбоору аркылуу башка мыйзамдардагы карама-каршылыктарын жоюу максатында, айрым мыйзам актыларына – КР Граждандык кодексине, КР Үйбүлө кодексине, КР Балдар жөнүндө кодексине, “Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында КР жарандарын жекече эсепке алуу жөнүндө” мыйзамга бир катар өзгөртүүлөр сунушталууда.

Депутаттар сунушталган мыйзам долбоорунда жарандардын каттоого турушуна бир топ жеңилдиктер камтылганын белгилешти. Ошону менен бирге, жарандардын каттоого туруу жүрүмүн мындан дагы жеңилдетүү максатында, тийиштүү документтерди чогултуу милдетин калкты тейлөө борборлорунун өзүнө жүктөө зарылдыгын айтышты.

Ал эми депутат Аалы Карашевдин айтымында, жарандардын никеге турушунун юридикалык күчкө ээ болор-болбосун мыйзам долбоорунда так жана ачык көрсөтүү керек. Ансыз калк арасында диний никеге туруу жөрөлгөсүн юридикалык күчкө ээ кылуу аракети көрөлүлүп жатат деген сындуу арабөк ойлор жаралышы мүмкүн.

Мындай пикирге толугу кошуларын билдирген демилгечи мыйзам долбоорунун кыргызча котормосунда бир топ чалкештиктер кетип калганын моюнга алды. “Биз Экинчи окуу жүрүшүндө “1924-жылга чейин кыйылган никелер жарандардын никелик абалын аныктай алат, андан кийинки никелер юридикалык күчкө ээ болбойт” деп эле ачык жазып койсок деген оюубуз бар”, - деди Исхак Пирматов.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2842

Окшош жаңылыктар