Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңеш жыйынында “Женева шаарында 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган Дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө Марракеш макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору 2-окууда каралды.
Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев баяндама жасады.
Бул мыйзам долбоорунун максаты - соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча протоколду ратификациялоо, бажы жол-жоболорун өткөрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана тездетүү, соода чыгымдарын кыскартуу, соода агымын активдештирүү жана эл аралык соодадан пайда көрүү болуп саналат.
Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө Марракеш макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу протокол Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 17-ноябрындагы №146 мыйзамы менен ратификацияланган.
2013-жылдын декабрында (Бали шаары, Индонезия) тогузунчу Министрлер конференциясында Дүйнөлүк соода уюмунун мүчө өлкөлөрүнүн он жылдык сүйлөшүү процесстеринен кийин Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча макулдашууну түзүүдө консенсуска жетишилген.
Ратификациялык мыйзам долбору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы