ЖАҢЫЛЫКТАР 18.02.20.

18-02-2020 08:30

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет бүгүн, 18 – февралда өтүүчү жыйынында КРнын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашын орнотуу жөнүндөгү макулдашуунун өзгөртүүлөрүн карайт. Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитет болсо “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн биринчи окууда талдаганы турат.

Дүйнөлүк банк каржылык колдоо көрсөтүп, айылдарды таза суу менен камсыздоо иштери улантылууда. Ошол мүмкүнчүлүктөн пайдалануу ыңгайы алыскы Аксы районунун айылдарына да туура келип жатат. Ишти баштоодо тиешелүү техникалык атайын унаалар зарыл, - дейт депутат Рада Туманбаева.

                             СНХ.Р.ТУМАНБАЕВА

Быйыл Улуу Ата мекендик согуштагы улуу жеңиштин 75 жылдыгы белгеленет. Эл тынчтыгы, журт ынтымагы, - деп жанын канжыгага байлап апааттуу майданда баатырларча душман мизин кайтаргандардын катарында кезегинде эл өкүлдөрү да болушкан. Алардын эсеби 57ни түзгөндүгүн депутат Ирина Карамушкина эсептик далилдер менен эске салды.

                             СНХ.И.КАРАМУШКИНА

Малымат булактары көбөйгөн сайын жалган кабарлардын аянты кеңейип жаткан жокпу? Бул суроону Өкмөт талдап, пропагандалык ишке маани бериши зарыл. Мындай жагдайга депутат Бакыт Төрөбаев кайрылып, өз сунушун ортого салды.

                            СНХ.Б.ТӨРӨБАЕВ

Кыргыз Өкмөтүнүн ишин заманбап алып кетүүдө колдонулуп жаткан “Түндүк” системасы жалпы калк үчүн жеткиликтүү шарт түзүп берүүдө. Ошол жагдай мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн да эч айырмасы жок болушу керек. Андыктан, алардын так эсеби реестрде аныкталууга тийиш, - деп демилге көтөрүп жаткан депутат Дастан Бекешев, - “Мындай так көрсөткүчтөр бардык система үчүн керектүү нерсе”, - дейт.

                           СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 18 - февралда көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл областтарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын нөшөөрлөп жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңголок тартып тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9, тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Ысык - Көл: -2...+3, Талас:-4...+1 градуска чейин жылыйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен:0...+5 градус жылуу болот.  Нарын: -1…-6 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 18 - февралда  мезгил – мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 0…+2 градуска чейин жылыйт.

Көрүүлөрдүн саны : 121

Окшош жаңылыктар